www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коңшу Өзбекстан AstraZeneca вакцинасын алат

Коңшу Өзбекстан Индияда иштелип чыккан AstraZeneca вакцинасын алат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн коомдук саламаттыкты жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын жетекчиси Баходир Юсупалиев айтканын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, AstraZeneca вакцинасы болжолдуу 15-20-март аралыгында келиши күтүлүүдө.

"Аталган вакцина 660 миң доза өлчөмүндө 15-20-март аралыгында келиши күтүлүүдө. AstraZeneca вакцинасы COVAX программасынын негизинде келмекчи.

COVAX программасынын алкагында Өзбекстанга 2 миллион 600 миң доза вакцина бөлүнгөн", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөгө коронавируска каршы вакциналардын келишин күтүүдө. 

COVAX программасы боюнча июнь айына чейин кирешеси төмөн жана орто 92 өлкөгө вакциналар берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости