www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев Конституцияны азыркыдай жол менен өзгөртүп жаткандар келечекте жоопко тартылып калышы ыктымал деп эсептейт. Мындай пикирин ал «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Масалиев билдиргендей, азыркы бийлик мыйзамды кабыл алууда анын жол-жоболорун сактабай, одоно мыйзам бузууларга барды жана «Убактылуу өкмөт кылбадыбы, бизге деле боло берет» деген принцип менен кетип баратат:

«Келечекте акыбал өзгөрүп кетсе кайра кайтарууга (Конституцияны - ред.) негиз болуп калат. Жоопко тартууга негиз болуп калат. Бийликти узурпациялоо белгилери болуп атат. Жогорку Кеңеш мөөнөтүн мыйзамсыз өзгөртүп койду. Мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү киргизди. Бир жыл болобу, беш жыл болобу, сөзсүз жоопкерчиликке тартылат».

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамды бүгүн, 11-мартта толук колдоду. Эми ал президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости