www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында президент Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мирзиёев эмне деди?

Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк деңгээлин канааттануу менен белгиледи. Ал Кыргызстан менен олуттуу жана толук масштабдуу кызматташтыкка, ошондой эле бул максаттар үчүн бардык ресурстарды колдонууга даяр экенин айтты.

Мирзиёев эки өлкөнүн эли реалдуу натыйжаларды сезип, мамлекет башчылары сөздөн ишке өтүп жатканын көрүшү керектигин билдирди.

Тактап айтканда, өзбек президенти соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү жана бардык тоскоолдуктарды жоюу, биргелешкен ишканалардын санын элүүгө жеткирүү менен бизнес объектилердин ортосундагы кооперацияларды күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи. Мындан сырткары, Кыргыз-Өзбек инвестициялык фондун түзүү, транспорттук потенциалды натыйжалуу пайдалануу, суу жана энергетика жаатында кызматташуу, чек ара маселелери тууралуу айтып өттү.

«Өзбек тарап эки бир тууган элдин өсүп-өнүгүшү үчүн биргелешкен жигердүү жана жемиштүү иштерди алып баруу ниетинде», — деп белгиледи Мирзиёев.

Жапаров эмнелерге токтолду?

Өз кезегинде Жапаров Кыргызстан үчүн Өзбекстан менен эки тараптуу өз ара байланыш, достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары ырааттуу өнүктүрүү тышкы саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири болуп кала берерин айтты.

«Кыргыз тараптын бардык көйгөйлүү маселелер боюнча конструктивдүү жана натыйжалуу диалогго даяр экендигине дагы бир жолу ишендирип өтөйүн. Биз биргеликте чек ара маселелеринде эки тарапка тең пайдалуу чечимге келе алабыз», — деген Жапаров.

Жапаров ошондой эле Кыргызстан соода-экономикалык кызматташууну ар тараптуу кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин билдирип, биргелешип иштөөгө даяр экендигин айтты.

Жыйынтыгында Жапаров президент Мирзиёевди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости