www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчынын аппараты жогорку окуу жайларында келишим менен окугундардын төлөмдөрүн азайтууну сунуш кылып жатканын билдирди. Мекеме азыркы тапта студенттер онлайн режимде окуп жатканын белгилеп, окуу жайларындагы электр энергиясы сыяктуу чыгымдарды азайтып, анын эсебинен келишимдик негизде билим алып жаткандардын төлөмдөрүн азайтуу зарыл экенин билдирүүдө.

Акыйкатчы институту Билим берүү жана илим министрлигин жогорудагы жагдайларды эске алып, өкмөткө төлөмдөрдү азайтуу боюнча демилге көтөрүүнү сунуш кылды.

Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана башка бардык окуу жайлары карантинге жабылып, окуу жылы онлайн жыйынтыкталган. Кыргызстанда келишимдин негизинде окуп жаткандардын төлөмү 15 миң сомдон башталып 180 миң сомго чейин баргандары да болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости