www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбек мамлекети Ислам мамлекетинин  жашыл Туусун миң жылдан ашуун убакыттан бери көтөрүп келатат. 2019-жылдын 17-ноябрынан баштап өкмөттүн 2535-Токтомунун негизинде Өзбекстанда көп аял алууга уруксат берилди. Тарыхка көз салсак, Араб мамлекети ислам динин кабыл алып, Араб халифатын орноткон соң , алгачкылардан Мавеннахрга же Аму-Дарыясы менен Сыр-Дарыянын ортосундагы калкка келип ислам динин орноткон. Андан соң Кытайды көздөй жылып баратканда, азыркы Талас облусунун аймагында дүйнөлүк тарыхта он улуу салгылашууну бирине айланган чоң салгылашуу болгон. Бул салгылашууда жергиликтүү элдин колдоосу менен арабдар жеңишке жетишкен. Бирок, арабдардын Кытайды көздөй жортуулу токтогон, ал эми кытайлыктардын Борбор Азияга көзөмөлдүк кылуусу тамам болгон.

Албетте, учурда Өзбек мамлекетинде калкынын саны отуз миллиондон ары ашып баратканы белгилүү, алардын ичинде кыргыздарга окшоп өзбектешип кеткен, башка кээ бир калктын ээлери да бар. Анткени, көп заман бою Борбор Азиядагы калктар бири-бири менен катар жашаган. Совет мамлекети орногон соң, бул жердегилерге өз республикасын орнотууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ар кандай имиштерде Кыпчак Республикасын түзүүгө багытталып, бир топ кыргыз, кыпчактар Өзбекстандын аймагында калган, кийин булар мезгилге жараша өзбек калкына сиңип кетип баратат. Мавеннахр көп элдердин аралашмасы болгон, Дешти-Кыпчак талаасынан Өзбек хан бул аймакка көз артып өз бийлигин орноткон. Жаңы республикалар түзүлүп жатканда, мурунку Бухара, Кокон, Хива хандыктарынын кээ бир бөлүктөрүн чогултуп, Өзбек ССРи түзүлөт.

Эгер өзбектерде көп аял алууга уруксат берилсе, Өзбекстандын калкы дагы эселеп көбөйүшүнө шарт түзүлөт. Куран ал-Каримдин шарты боюнча төрт аял алууга уруксат берилген, кап аттиң, төрт эркекке тийсин деп деле кийирип койсо болмок, аялдардын жинине тийбей. Бүгүнкү түрк элдеринин аймагында өзбектер да өлүү эл карлуктар менен өзүнчө топту түзөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости