www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Акшоола” телесериалынын режиссеру Ырыс Окенова “Аззаттык” радиосунан 5 миллион сом талап кылууда. Бул тууралуу режиссер жергиликтүү басылмалардын бирине айтып берген. 

Анын айтымында, жакында эле Бишкектин Ленин райондук соту анын доо арызына кошумча арыз кошту. 

“Сериалдын бюджети тууралуу анык эмес маалымат тарагандан улам  КТРК жана жарнама компаниясы бизге акча төлөп берге жок. Мага кысым көрсөтүштү. Мен жумушсуз калдым. Сериалга кеткен чыгымдарды айтпай эле коеюн. Радионун журналисттери ала качуу эпизодуна жөн эле кара пиар кылып койбостон, алар жазган материалында “Акшоола” сериалына тартылган актерлордун намысына жана кадыр-баркына шек келтирди. Биз сериалды казак жана өзбек телеканалдарына  сатууну пландап жатканбыз. Бирок, бул ызы-чуудан кийин биздин өнөктөштөрүбүз контракт түзүүдөн баш тартты”, -деп Ырыс Окенова айтып берген. 

Эске салсак, Ырыс Окенова “Азаттык” радиосун “Акшоола” сериалына 250 миң доллар кетти деп маалымат чыгаргандыгы үчүн кечирим сурасын деп талап кылган. Ошондой эле режиссер ушул жылдын октябрь айында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна “Азаттыктын” үстүнөн арыз жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости