www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Алматы шаардык сотунда 6-ноябрь күнү трансулуттук  уюшкан кылмыш  тобунун мүчөлөрүнүн апелляциялык даттануусу боюнча соттук отурум болгон.

Бул кылмыш иш боюнча Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Дамирбек Асылбек уулу, Е.Жапасов, У.Мурадилов, Ч.Абакиров, С.Саулембаев, М.Нурманов, М.Тыныбаев, Д.Коджамкулов, Н.Аульбеков, К.Байгелов, М.Казакпай айыпталган. 

Алматы шаардык сотунун берген маалыматы боюнча, У.Мурадилов, Е.Жапасов жана алардын жактоочуларынын даттануусу жарым-жартылай канааттандырылды. Е.Жапасовдун аракети Казакстандын Кылмыш-жаза кодексиндеги 287-берененин 5-бөлүмүнөн 287-беренесинин 3-бөлүмүнө өзгөртүлдү.  Ал 12 жылга эркинен ажыратылса, У.Мурадилов 8 жылга кесилген.

Ошондой эле, Д.Асылбек уулу, У.Мурадилов жана Ч.Абакиров үчөөнүн ар биринен 15 млн 753 тыс. 930 тенгеден (40 миң 688 доллар) өндүрүлгөн.

Белгилей кетсек, алар Кыргызстандан Казакстанга жана Орусияга контрабанда ташыган деп айыпталып, 2018-жылы жүргүзүлгөн чоң масштабдуу операциянын жүрүшүндө кармалган. Тергөөнүн маалыматында, трансулуттук уюшкан топ Казакстан менен Казакстандын аймагында оор жана өтө оор кылмыштарды жасаган. Анын кесепетинен 2017-жылдын ноябрь айынан 2018-жылдын ноябрына чейин  Кытайдын ЕАЭБ өлкөлөрүнө аткезчилик жол менен товар өтүп, анын айынан 407 млн 558 миң 653 теңге бажы алымдары түшпөй калган.

2019-жылы  24-апрелде Алматы шаардык соту Дамирбек Асылбек уулу, Уланбек Мурадилов жана Ч.Абакировду 10 жылга эркинен ажыратылган.

Дамирбек Асылбек уулу кечээ Казакстандан Кыргызстанга жазасын өтөө үчүн өткөрүлүп берилген.

Кыргызстандын Жогорку соту  экс-депутат Дамирбек Асылбек уулуна карата Казакстандын Алматы шаардык сотунун 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Дамирбек Асылбек уулу учурда Бишкектеги №1 СИЗОдо кармалып турат, жакын арада Кыргызстандагы абактардын бирине которулмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости