www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада бүгүн, 14-февралда «Көп кырдуу талант ээси Нурканбек Турсунбаевдин кыргыз искусствосундагы тарыхый орду» аттуу илимий-практикалык конференция өттү.

Бул иш-чара Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти, комузчу, манасчы, акын, композитор, музыкант Нурканбек Турсунбаевдин 80 жылдыгына арналып уюштурулду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, «Сахна жылдызы» деп аталган китеп-иллюстрациялык көргөзмө да ачылды. Ага китептер, гезит-журнал макалалары, басылмалар, ошондой эле Турсунбаевдин өмүр жолу жөнүндө сүрөттөр коюлду.

Турсунбаевдин чыгармачылыгы өспүрүм кезинде башталган. 13 жашында ал алгачкы «Энеме» чыгармасын жазган. Ал композитор катары ондон ашуун спектаклге, 20 чакты куурчак спектаклине, ондой көркөм жана документалдык тасмага музыка жазып, чыгармалары бир катар эл аралык фестивалдарда сыйлыктарга татыган.

Болот Миңжылкиев аткарган «Алтынчы күнү кечинде» ыры 1974-жылы Чехияда өткөн эл аралык сынакта баш байге алган.

Өнөр чеберинин «Геологдун ыры», «Сүйгөн жерим», «Сен ооруба, мен ооруйун Ата-Журт!», «Күкүк кушум», «Ай баратат» аттуу чыгармалары да эл арасына кеңири жайылган.

Актердук ишмердүүлүгү 1964-жылы башталып, Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын киностудиялары тарткан фильмдерге катышкан.

Турсунбаев цирк өнөрүнүн өнүгүүсүнө да зор салымын кошкон.

Булак: NazarNews..kg

Последние новости