www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президент Садыр Жапаров Матраимовго кызмат бериши керек, менимче бул адам Жапаровдун колуна кол болуп, мамлекетти оор абалдан чыгарганга жардам берет»,- деди бүгүн, 14-февралда NazarNews маалымат агенттигене милициянын отставкадагы полковниги Замирбек Рысбеков.

--Замирбек мырза, учурда коомчулукта Райымбек Матраимов тууралуу ар кандай такталбаган маалыматтар болуп жатат. Сиздин Таластын мырзасы тууралуу пикириңиз кандай?

--Коомчулукта ар кандай пикирлер айтыла берет. Кызыгы, бул жерде кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн Матраимов кызуу талкууга алынып калды. Мен Матраимовду кыргыздын чыныгы патриоту катары баалап калдым. Себеби, пандемия болуп кыргыздын башына оор күн түшүп элибиз жан далбастап калганда жардам берди. Биз Американын тапшырмасын аткарган балдарды укпай кыргыз элин колдогон инсандарды колдош керек. Сыртта жакта жүрүп, бузуку сөз менен элди бузган фейктердин сөздөрүнө ишенбей, кыргыздын чыныгы эли үчүн күйгөн, эли үчүн кам көргөн потриотторду колдой турган убакыт келди. Азыркы учурда эл Түндүк-Түштүк, ал тургай уруу-урууга бөлүнүп жатабыз, бул көрүнүштүн баарын токтотпосок кыргыздын келечегине балта чабылат.  Юрист катары Матраимовго өтө баа бердим. Себеби, октябрь окуясында Матраимовдун өлкөнү таштап качып кеткенге эл айтып жаткандай бардык мүмкүнчүлүк бар болчу, бирок бул өзүнүн потриоттуулугун, чыныгы мырза экендигин, өзүнүн элин сүйгөндүгүн тастыктап койду. Ошол үчүн ушул жигит сыйыма татыды. Айта турган болсок канчасы качып кетти. Алсак, Арашандын тең жарымын ээлеп алган Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраев, музейдеги жыгач аттын автору Сапар Исаков, Болот Сүйүнбаев, Кытайдын карызын алып, ошол карызды кыргыз мойнуна илип койгон Алмаз Атамбаевди эмне үчүн кустурбайт? Менин маалыматым боюнча Матраимовго каршы болгон митинг атайын буюртма экени айтылууда. Биз мындай Батыштын кызыкчылыгын көздөгөн митингдин далайын көрдүк. Тилекке каршы Кыргызстанга эч кандай жакшы жыйынтыгын берген жок, тескерисинче, мамлекет сазга олтуруп, экономика артка кетүүдө.

--Замирбек мырза, сиз укук коргоо органын кызматкери катары суроо, тар чөйрөдө Садыр Жапаровдун бийлигин 3 же 6 айда кулатуу боюнча даярдыктар тымызын сөздөр жүрө баштагандыгы тууралуу маалымат түшүүдө... Бул азырынча такталбаган маалымат чындыкка айланып кетиши мүмкүнбү? Себеби, бизге октябрь окуясы болбой туруп, «жакында С.Жээнбековдун бийлиги жокко чыгат» деген маалымат келип түшкөн эле....

--Азыр Садыр Жапаровго убакыт бериш керек. Себеби, биринчи жолу президентти Түндүк-Түштүк жалпы кыргыз эли колдоду. Азыр бүтүндөй кыргыз эли биригип, Жапаровду колдогондой ынтымакка келип, сазга батып бара жаткан экономикабыз менен саясий этикабызды түздөп, өнүгүү жагына багыт алышыбыз керек. Менин өзүмдүн жеке оюм президентибиз Садыр Жапаров Райымбек Матраимовго дагы кызмат бериши керек, менимче Матраимов Жапаровдун колуна кол болуп, мамлекетти оор абалдан чыгырганга көмөк көрсөтөт го...

--Кошоматчылар президентке бут тоспойбу?

--Кыргыз элинде бүгүнкү күндө коронавирустан дагы жаман илдет пайда болду, «кошоматчылык», «саткынчылык», «коркоктук».  Бул атайын кесип болуп калды. Так ушулар мындай касиети барлар президентти да бузуп жатат. Азыр дагы мурдагыдай эле Садыр Жапаровго болгон маалыматты түз бербей жаап жашырып жатат. Сөз көп.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости