www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кореянын премьери Улукбек Мариповду куттуктады

Корея Республикасынын премьер-министри Чон Се Гюн Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

--«Кыргыз Республикасы жана Корея Республикасы ортосундагы дипломатиялык мамилелер орнотулган 1992-жылдан тарта биздин өлкөлөр ар кыл тармактарда тыгыз кызматташып келүүдө. Биздин мамилелер активдүү өнүгүүдө жана жогорку деңгээлде турат. COVID-19 пандемиясына жараша түзүлгөн кырдаалга карабастан, биздин өлкөлөр ар кыл багыттагы, анын катарында Электрондук Өкмөт, саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтык тармагын кеңейтүүдө. Сиз менен бирдикте биздин өлкөлөр ортосундагы өз-ара пайдалуу мамилелерди тереңдетүүгө өбөлгө түзүүчү келечектеги тыгыз кызматташууга ишеним билдирем», - деп айтылат куттуктоодо.

Корея Республикасынын премьер-министри Чон Се Гюн Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Мариповго чын ден-соолук, ал өлкөнүн элине бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости