www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Кыргызстандын жана Тажикстандын куралдуу күчтөрүнө кайтарымсыз жардам иретинде аскердик техника менен курал-жарак берет.

Казакстандын Коргоо министрлиги кошуна мамлекеттерге кайтарымсыз жардам берүү боюнча эки токтом долбоорун иштеп чыкты. Долбоорлор ачык талкуулоо үчүн Казакстан өкмөтүнүн ченемдик-укуктук актыларынын сайтында жарыяланган.

Өткөрүлүп берилген мүлк пайдаланылбай, ашыкча көлөмдө сакталып турганы, ошондуктан аны калыбына келтирүү үчүн бюджеттик каражат талап кылынбай турганы белгиленди.

Документтерге ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө Казакстан төмөнкү аскер техникаларын берет:

6 000 480 даана 5,45 миллиметрлик ок;

1 000 даана 122 миллиметрлик фугастуу снаряд;

2 000 даана жерде кызгылт сары түтүн аркылуу белги берүүчү патрон;

1 000 даана сары жарык аркылуу белги берүүчү 26 миллиметрлүү патрон;

4 даана жыштыктагы үндөрдү угууга ылайыкташкан "Чыгыш-СП" аппараты;

6 даана "Галактика" радио кабыл алуучу жабдык;

1 даана "Калина 12х80" антенналуу коммутатор.

Тажикстанга 82 миллиметрлик минометко 10 миң снаряд, автоматтык пушка үчүн 20 миң снаряд жана үч миллион автоматтын патрону берилет.

Казакстан аскердик каражаттарды темир жол аркылуу Жамбыл облусундагы "Отар" станциясынан Тажикстандын аймагына (Душанбе шаарындагы "Рохати" станциясына) чейин жеткирип берет. Ал эми Кыргызстанга болсо Кой-Таш калктуу пунктуна чейин жеткирилет.

Кыргызстан менен Тажикстан жардамга алган аскердик мүлктү башка жакка бере албай турганы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости