www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы вакцина чыгарган компаниянын кирешеси менен дүйнөдө дагы тогуз киши миллиардер болду. Бул тууралуу курамына укук коргоочу, гуманитардык жана медициналык уюмдар кирген The People's Vaccine Alliance кыймылынын докладында айтылганын РИА Новости жазды.

Жаңы миллиардерлердин катарына америкалык Moderna компаниясынын төрт өкүлү кирген. Алар: башкы директор Стефан Бансел, негиздөөчүнүн бири Ноубар Афеян жана инвесторлор Тимоти Спрингер жана Роберт Лангер.

Байлыгы бир миллиард доллардан ашкан адамдардын сабына киргендер:

BioNTech уюмунун башчысы Угур Шахин;

Rovi фармацевтикалык ишкананын жетекчиси Хуан Лопес-Бельмонте (Испания);

CanSino Biologics компаниясынын үч түзүүчүсү (Кытай).

Жаңы миллиардерлердин мүлкүнүн жалпы суммасы 19,3 миллиард долларга жетет деп бааланууда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) 2020-жылдын 11-мартында коронавирустун COVID-19 инфекциясынан улам пандемия жарыялаган. ДССУнун акыркы маалыматтарына ылайык, ааламда бул илдетке кабылгандардын саны 165 миллиондон ашкан. Анын ичинен 3,4 миллион бейтап оорудан көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости