www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жума күнү Ак үйдө президент Джо Байден менен президент Мун Чжэ Индин жолугушуусунда Кытайдын аскердик кубаттуулугу жана Түндүк Кореянын өзөктүк арсеналы тууралуу маселелер талкууланды.

AFP агенттиги Вашингтон биринчи кезекте АКШнын мурдагы жетекчилигинин учурунда солгундай түшкөн союздаштык мамилелерди калыбына келтирүүгө басым жасап жатканын жазды.

Джо Байден АКШнын Түндүк Корея боюнча атайын чабарманы дайындалганын жарыялады. Бул кызматка АКШнын мамлекеттик катчысынын Чыгыш Азия жана Тынч океан боюнча жардамчысы, дипломат Сун Ким келди. Ким мурда АКШнын Түштүк Кореядагы, Филиппиндеги жана Индонезиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген.

Байдендин сөзүнө караганда, Корей жарым аралын өзөктүк куралдан тазалоо татаал тапшырмалардын бири бойдон кала берүүдө. Байден маселени чечүү жагы алдын ала макулдашылса, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугууга даяр экенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости