www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияга каршы күрөшкө көлөкө түшүргөндөр кимдер?

Бул жыйындын буга чейинкилерден айырмасы – сот, аткаруу бийлигиндегилердин, укук коргоо органдарындагылардын коррупцияга каршы күрөшүү жааттагы ишмердиги отчет таризинде каралып, бул багыттагы кылынган иштерге өлкө башчысы өз баасын берди. Тагыраак айтканда, коррупцияга каршы күрөш боюнча мурдагы кабыл алынган чечимдердин аткарылышы негизги маселе катары каралды. Тилекке каршы, жыйындын жыйынтыгы менен коррупцияга каршы күрөштө бир катар кызмат адамдары, жетекчилер ыкшоолук, кайдыгерлик кылышып келаткандыгы, же бир сөз менен айтканда президенттин коррупция менен күрөшүү жараянына каршы иштеп атышкандыгы айкын болду. Мындан башкача баа берүүгө мүмкүн эмес...

Коррупция менен күрөшүүдө Башкы прокурор менен Жогорку Соттун төрайымын катуу сынга алган С.Жээнбеков өз сөзүндө учурда өлкөдөн качып кеткен Мамкаттоо кызматынын мурдагы чиновниги Насирбек Алмаматовдун маселесин көтөрдү. Белгилей кетсек, Алмаматов Мамкаттоо кызматында автоунааларды каттоого алып, айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө көп жылдардан бери иштеп, коррупциялык схеманы түзгөндүгү үчүн 2018-жылдын 2-ноябрында камакка алынып, кылмыш иши козголгон. 2019-жылдын мартында Октябрь райондук соту аны 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Бишкек шаардык соту анын жазасын жеңилдетип, 3,3 млн. сом айып пул төлөө менен алмаштырып, сот залынан бошоткон. Жогорку Сот болсо экинчи инстанциянын чечимин жокко чыгарган.

Бул арада Алмаматов өлкөдөн изин жашырып кетүүгө үлгүргөн. “Ийне жоготтум, көрдүңөрбү” дегендей, укук коргоо органдары ага издөө жарыялап, ушул күнгө дейре издеп келатышат. Өлкө башчынын “коррупционерди кармап берсе, силер кое берип атасыңар! Сөздүн баары мага тийип атат, мен жасагандай, тапшырма бергендей болуп жатат! Силер эч нерсе болбогондой былтыйып отурасыңар! Бул эмне деген акмакчылык!”,- деп агынан жарылганы да жөндүү. Калыстык үчүн айталы, коррупция менен күрөшүүдө учурдагы президент өзүнүн эркин, чечкиндүүлүгүн, жигердүүлүгүн көрсөтүп келүүдө. Ага 2 жылдан бери күбө болуп келатабыз. Адатта өлкө башчысы тарабынан чындап саясий эрк, каалоо болбогон учурда коррупция менен күрөшүү ойдогудай болбошу мүмкүн.

Бирок андай эрк президенттин өзүнөн чыгып, коррупцияны ооздуктоону, анын тамырын кыркууну басса, турса талап кылып аткан маалда укук коргоо органдарынын жетекчилеринин көңүлкоштук мамиле кылууларын кандай түшүндүрүүгө болот? Муну кайдыгерлик кылуу, тоотпостук дебегенде эмне дейбиз? Же Өткүрбек Жамшитов менен Гүлбара Калиева “көзөм көрбөсө болду, кулагым укпаса болду, бизге тийишпесе болду”- деген принципке өтүп алышканбы? Ачыгын айталы, Алмаматовдун маселеси коррупция менен күрөшүүчү сот жана прокуратура системасынын өзү коррупциядан тазалана албай жатканын даана көрсөттү. Алмаматовдун акталып кетүүсүндө анын коррупциялык схема жолу менен тапкан ири акчалары роль ойногону талашсыз. Соттор менен прокурорлордун ушундай көрүнүштөргө жол берип жатканы өтө өкүнүчтүү жана коркунучтуу. Президент бекеринен коррупция менен күрөш маселесинде сот жана прокуратура органдарынын иштерине басым жасаган жок. Анткени, коррупциянын тамырын кыркууда соттор менен прокурорлордун ордулары чоң. Коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасы фемида жана прокуратура системаларынан көз каранды. Бири кармалган адамдын күнөөсүн далилдесе, экинчиси жаза катары мыйзамга таянган өкүмдү чыгарышы керек. Мыйзамга каршы чечим чыгарып, күнөөсү далилденген адамды сот залынан бошотуп, өлкөдөн качып кетүүсүнө шарт түзүп берип атса, анда кантип коррупция менен күрөш тууралуу сөз кылууга болот? Бул коррупциялык жагдай соттук реформа бизге канчалык зарыл экенин дагы бир ирет тастыктады. Мыйзамды туу туткан, коррупцияга малынбаган, акыйкат сот системасы менен гана коррупцияга каршы эффективдүү күрөшүүгө болот. Тилекке каршы, өлкө башчысы соттук реформаны ишке ашырууну талап кылып келатканына карабай, бул жаатта сезилерлик жылыштар болбой жатат, көйгөйлөр көп.

Аз күн мурда Ош шаарынын соту камакка алынган кримдүйнөнүн өкүлүн бошоткон чечим чыгарып, ал сотту президент кызматтан алууга аргасыз болду. Муну менен өлкө башчысы соттук реформанын зарылдыгын дагы бир ирет билдирип, фемида системасынын жетекчилерине коңгуроо какты. (Белгилей кетсек, президенттин сынына дароо реакция болду. 27-январда Алмаматовдун ишин 2- инстанцияда караган прокурор Белек Рыскулов кызматынан алынды). Жогоруда токтолгондой, Коопсуздук Кеңешинин жыйынында коррупция менен күрөшүү боюнча аткарылган иштердин жыйынтыктары каралды. Президент С.Жээнбеков дээрлик бардык тармактарда коррупция менен күрөшүүдө иш жакшы жолго коюлбай жатканын белгиледи. Алсак, КР Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (мындайча айтканда – Финпол) коррупция менен күрөшүүдө коомчулукка ачык болбой, бюрократиялык көрүнүштөргө жол берип жатса, кээ бир мамлекеттик органдардын жетекчилери коррупцияга малынган кызматкерлерин калкалап жүрөт. Коррупцияны алдын алууга багытталган мамлекеттик кызматкерлердин мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү ордунан жылбай, анын кесепетинен сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуунун укуктук механизмдерин киргизүү кечеңдеп жатат.

Ошондой эле жыйында өлкө башчысы Коопсуздук Кеңешинин чечимдери аткарылбай, формалдуу мамиле жасалып жатканын, айрым жетекчилердин Коопсуздук Кеңешине маалыматты жөнөтүп жатып, эмнеге кол коюп жатканына да көз жүгүртпөй турганын сынга алып, муну саботаж катара баалады. Чечимдерди аткара албаган, коррупцияга каршы күрөшө албаган жетекчилерге катуу чаралар көрүлүп, кызматтарынан бошотуларын эскертти. Албетте, коррупция менен күрөшүүдө баары эле жаман эмес. Кемчиликтер менен бирге ийгиликтер, натыйжалар да бар. С.Жээнбеков өз сөзүндө муну белгилеп өттү. Коррупция менен айыпталып кармалгандарга мыйзамдуу соттук чечимдер чыгарылып, алардын мамлекеттен уурдаган мүлктөрү конфискацияланып, өлкө бюджетине келтирилген зыяндар калыбына келтирилип, айтор бул багытта иш ырааттуу жүрүүдө.

Коррупциялык негизде уурдалган акчаларды кайтаруу үчүн ачылган атайып эсептеги каражатка мектептер курулуп, социалдык маселелер чечилүүдө. Коррупция менен күрөшүүдө сезилерлик жылыштар бар экенин Transparency International уюму да моюндады. 2019- жылы Кыргызстанды коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 180 өлкөнүн ичинде 126-орунга түшүрдү. 100 баллдын ичинен Кыргызстан 30 балл алды. 2018-жылы бул көрсөткүч боюнча биздин өлкө бир да балл алган эмес. Бул коррупцияны алдын алуу, анын кесепеттери менен күрөшүү, коррупцияга жол бербөө үчүн ычык-айкындуулукту камсыз кылуу жаатында акыркы жылы алгылыктуу иштер жасалганынан кабар берет. Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жыйындын чечими менен 17 тапшырма берилгенин, 30 жетекчиге дисциплинардык чара көрүлсө, бир катар жетекчилер кызматтарынан бошотуларын маалымдады. Коомчулукта болсо чиновниктерге чара көрүү боюнча пикирлер бир кылка эмес.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев президенттен сынына кабылган жетекчилердин баары өз каалоолору менен кызмат орундарын бошотуусу керектигин айтты. Бул пикирге кошулбай коюуга болбойт. Бирок тилекке каршы, бизде андай саясий маданият калыптана элек. Сынга алынмак турсун, коррупция менен айыпталып, бетине көө жабылып, кызматта калууга моралдык укуктары калбаса да, өз каалоолору менен кетишпейт эмеспи. Демек, андай болбогон соң ыкшоолук, кайдыгерлик кылып, ишти артка тартып, ишти жөндөй албай аткан жетекчилерге карата тийешелүү чаралар көрүлүшү абзел.

Анткени, Кыргызстандын саясий турмушунда мейли экономикалык, сот-укуктук ж.б. маселелердеги кемчиликтердин баарына президентти күнөөлөгөн түшүнүк калыптанган. Кайсы бир мамлекеттик органдын жетекчисинин шалаакылыгы үчүн президент күнөөлүү болуп чыга келет. “Бир карын кумалак бир карын майды иритет” демекчи, бүтүндөй, аткаруу бийлигине, президенттин ишмердигине көлөкө түшүргөн андай жетекчилерге карата кескин чаралар көрүлүүгө тийиш! Ошол эле мезгилде саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев: “кызматтарынан четтетүү көйгөйдү чечпейт”- деген пикирин билдирди. Мындай пикирге кошула алабйбыз. Бекбосун мырзанын логикасы менен андан бетер кризиске такаларыбыз бышык. Анда колду куушуруп, эч нерсе кылбай эле отура берүү керекпи? Иштей албагандарды, мажирөөлүк кылгандарды жигердүүлөр, ишти алып кете алчулар алмаштырышы керек. Натыйжа жарата алчу, тармакты оңдой алчу кадрлар, алдистер жетишерлик.

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости