www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ижара акысынан 93 жылга бошотулган инвесторлорду жетектеген Бакашев өкмөттү алка-жакадан алып сындай баштады. Учурунда Нарын облусуна губернатордун биринчи орун басары болуп келген Мирадил Бакашев деген кур дымак «чиниш» бар. Анын «мыктылыгы» Торугарттагы бажы постун кыргызды көздөй 100 чакырым бери жылдырып, кытайлыктардын «валютасына» карк тойгон Бакашев айтылуу Жетим темир кенин  «жетимсиретпей» «чүрчүт акелер» пайдасын көрсүн деп, кытайлыктарга Жетимди тебелеткен. Миграциялык министрликке «замминистр» болгондо аны чет мамлекетте жүргөн мигранттарыбыз күндүн жарыгында да чырак менен издеп таппай калышкан. Бишкек Эркин экономикалык аймагына аткаруучу директор болгон соң куркулдаган кулкуну чоң Бакашев Атамбаевдин кызыл кекиртегин көздөй акчанын нугун буруп, андан арткан миллиондорду капчыгына уруп турган. Эми бул атка минер терисин тескери жамынып азыркы бийлик менен кызматташып жатат.

Мирадил Бакашев эмнеге парламентти жек көрөт?

 Бишкек Эркин экономикалык аймагына аткаруучу директору Мирадил Бакашев Жогорку Кеңеш тарабынан чыгып жаткан мыйзамдарды дайыма көөлөп, жамандап маалымат беттерине жарыялап келатат. Себеби, парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын байма-бай өзгөрүп турушу бизге келе турган  инвесторлордун ишенимин азайтып, Мирадил Бакашев жетектеген Бишкек Эркин экономикалык аймагынан үркүтүп турат экен. Албетте, бул мыйзамдарды азыркы Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт түзүп, Жогорку Кеңештен жактырылып жатканын  Мирадил Бакашев түшүнбөйбү? Анда ачыгын айтып, бул өкмөт түзүп парламентке жөнөтүп жаткан мыйзамдар инвесторлорду үркүтүп жатат. Ошол себептен бул мажес өкмөттүн бизге кереги жок деп айтыш керек эле. Лекин, антип айтууга Мирадил Бакашевдин дарманы жетпейт. Себеби, өз тууган –туушкандарын миллиондор менен камсыздандырып жаткан премьер Мухаммедкалый Абылгазиев менен Мирадил Бакашевдин ортосун байланыштырып турган туугандык байланыштар бар. Бекер жерден Мирадил мырза Бишкек Эркин экономикалык аймагында чалчактаган жок.

Мирадил Бакашевдин айтымында 25 жылдын ичинде Бишкек Эркин экономикалык аймагы боюнча мыйзамга 12 жолу, ал эми Бишкек Эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча жобого 13 жолу өзгөртүү киргизилген. Бүгүнкү терсаяк парламент да, ишке жарамсыз өкмөт да тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү кийирүү тууралуу демилгелерди изин суутпай көтөрүп жатат.

Бакашев Бишкек Эркин экономикалык аймагында болуп жаткан коррупциялык схемаларды Жогорку Кеңеш менен өкмөткө оодара салгысы келгенби, инвесторлордун качып жатканына башкалар күнөөлүү экенин баса белгилеген: ЖК жана өкмөт тарабынан болуп жаткан «мындай өзгөрүүлөр инвесторлордун бизге (Бишкек Эркин экономикалык аймагына) болгон ишенимин азайтып жатат. Анткени, инвестор бүгүн башка шартта ишке кирип, эртең заводун курган соң «ушул шарттар менен иштейсиң» деген туура эмес». Бакашев бүгүнкү заманбап шартта күн сайын жаңыланыштар болуп жатканын сезбей, 1990-жылдагы мыйзам менен жашап кере чайнап тургусу келет.

 

Ижара акысынан 93 жылга бошотулган инвесторлор

Бишкек Эркин экономикалык аймагында учурда 2 миң 600 дүн ашуун Бакашевди көргөндө бакадай секирген жумушчулар иштейт. Бакашев ичип-жеп өз жумушун карабагандыктан Кореядан келген инвесторлорго ижарага берилген жерлер кароосуз калды. Бул туурасында парламенттеги “жарыш сөз” учурунда депутат Талайбек Масабиров билдирди. Тагырагы ал өзүнө жарандардан келген катты окуп берди.

“Жалпы жердин 23 гектары 93 жылга, көргөзмө павильону 93 жылга, экпоборбор 26 жылга жана терминалдын мекемеси 46 жылга берилгендиги тууралуу мына мында жазылып турат. Коммуналдык кызматтарга 2 миллион карызы бар экен. Анан анда парк бар экен, ижара акысынан 93 жылга бошотулган. Бирок  түшкөн кирешенин 2 % төлөнүп турмак, ал боюнча дагы белгисиз дейт”, - дейт Масабиров.

Масабировдун билдирүүсүндө, бишкектиктердин атынан жазылган бул каттын бир көчүрмөсү өкмөткө дагы жиберилген. Мындан улам эл өкүлү аталган маселеге ыкчам чара колдонуу зарылдыгын белгилейт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости