www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кулап түшкөн Bek Air учагынын 2- учкучу каза болду. Бул тууралуу Алматы Саламаттыкты сактоо башкармалыгына таянып, Tengrinews.kz. жазып чыкты.

Маалыматка караганда 21-январда №4 шаардык клиникалык ооруканасынан учактын 2-учкучу Миржан Мулдакуловдун абалы турукташып калгандыктан үйүнө чыгарылган эле.

“Бейтапканада учкуч кардиолог, терапевт, психолог,  хирургдун көзөмөлүндө болгон. 28-январда саат 18:00дө Тез жардам кызматына чакыруу түшүп, анын абалы кескин начарлап кеткендиги кабарланган.

Тез жардам кызматы өз убагында келип, керектүү иш-аракеттердин баары жасалганына карабай, анын абалы оорлошуп, 55  жашында каза болду”,-деп айтылган маалыматта.
5-январда 2-учкуч эс-учуна келгендиги айтылган эле.

Буга чейин аба кемесинин командири Марат Муратбаев окуя болгон жерде  каза болгондугу кабарланган.
Эске сала кетсек, 2019-жылдын 27-декабрында Bek Air аба учагы Алматыдан Нур-Султан шаарына учуп чыгып, кырсыкка кабылган. Натыйжада 93 жүргүнчүнүн 12си каза болгон.

БулакNazarNews.kg

Последние новости