www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"60 градус косинуска эмне барабар?”. Мына ушундай суроо Каныбек Исаковдун Билим берүү жана илим министрине талапкерлигин кароо учурунда депутат Дастан Бекешов тарабынан берилди.

Өз кезегинде Исаков филология тармагынын адиси экенин, ошондуктан бул суроого жооп бере албасын айтты.

Бирок, депутат Бекешов бул мектеп программасында бар экенин эскертип, анын кереги бар же жок экенин эч ким түшүндүрүп бере албай жатканын кошумчалады.

Ага Исаков “Ооба, мен сизди түшүндүм. Биздин билим берүү системабызда жетишпестиктер бар. Бирок, биз мектеп программасын оптималдаштырабыз жана жакшыртабыз”, -деп жооп берди.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эл өкүлдөрү Билим берүү жана илим министрине көрсөтүлгөн Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап, анын талапкерлигин жактырышты.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости