www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинети КТРКны башкаруу маселелерин жөнгө салуу тууралуу жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Аталган документти министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бекитип, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөн.
Сунушталган мыйзамга ылайык, Коомдук телерадио берүү корпорациясынын (КТРК) макамы өзгөрүп "Улуттук телерадио берүү корпорациясы" деп аталат. Аны менен катар Байкоочу кеңеши жоюлуп, телеканалдын башкы директору президент тарабынан дайындалат.
Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча Байкоочу кеңеш КТРКнын эң жогорку органы болуп саналат. Анын курамы 15 адамдан түзүлүп, парламент тарабынан шайланат. Ал эми кеңештин мүчөлөрү телеканалдын башкы директорун кызматка бекитет.
Телеканал 2011-жылы "коомдук" макамын алган болчу. Ага чейин "улуттук" жана "мамлекеттик" статусунда иштеп келген.
Булак: NazarNEws.kg