www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюму Украина менен Россиянын ортосундагы чыңалуунун күчөшү өтө кооптуу экенин эскертип, тараптарды сабырдуулукка чакырды. БУУнун башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Розмари Ди Карло БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги брифингинде Украина менен Россиянын ортосунда ок атышпоонун  бузулушу коркунучтуу экенин айтты.

Ди Карло: "Азыркы кырдаалдын өтө кооптуу экендиги чындык. Биз бардык тараптарды максималдуу сабырдуулукка чакырабыз", - деди.

2014-жылдан бери Украинанын чыгышында 14 миң кишинин каза болгонун жана жаңы кагылышуу ыктымалдыгынын кабыл алынбай турганын баса белгилеген Ди Карло, Украинанын эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости