www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фермерлер министрлер кабинетине кайра карап чыгууну сунуштаган №309 токтом бардык мыйзамдарга каршы иштейт. Мындай оюн Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов билдирди. Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн №309 токтомду талкуулоо боюнча тегерек столго катышты.

Эл өкүлүнүн айтымында, бул токтомдун түпкү максаты — акырында жер тилкелерин жеке менчикке өткөрүү.

"Бул токтом өзүнүн үстүндө турган мыйзамдар иерархиясына каршы турат. Жөнөкөй эле мисал, мыйзамдардын туу чокусунда турган Конституциянын 16-беренесине туура келбейт. Анда токойлор менен жайыттар эч качан менчикке берилбейт деп жазылып турат. Андан ылдыйкы мыйзамдарга дагы карама-каршы жактары көп", — деди депутат.

Ошондой эле ал элге каршы мыйзам экенин кошумчалады.

Эске салсак, фермерлер министрлер кабинетине № 309 токтомду кайра карап чыгуу боюнча кайрылышкан. Ал документ мамлекеттик фондудагы 270 миң гектар айыл чарба жерлерин айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына мөөнөтсүз берүүнү карайт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости