www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Медиа коомчулук билдирүү таратып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана министрлер кабинетинен “Кыргыз телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кайра чакыртып алууну суранды.
Тынчсызданууга - аракеттеги мыйзамда калыптанып калган демократиялык принциптер толугу менен жокко чыгарылганы себеп болду. Документтин долбооруна коушлган негиздемеде көрсөтүлгөн маселелер кандайдыр бир жол менен чечилбейт. Мыйзам долбоорунда КТРКдан анын коомдук макамын алып салуу жана ага улуттук мамлекеттик мекеме статусун берүү сунушталган.
«Биз телерадиоберүүнү жөнгө салуунун эл аралык стандарттарынын маанилүү аспектиси коомдук телерадиоберүүнүн иштөө принциптерин белгилөө болуп санала турганын белгилейбиз. Бириккен улуттардын ЮНЕСКО уюму коомдук телерадиоберүүдөгү плюрализм жана көз карандысыздык зарылдыгын бир нече жолу баса белгилеген», - деп айтылат медиа-эксперттердин билдирүүсүндө.
Укук коргоочулар - КТРКдан “коомдук” макамдын алып салынуусунун натыйжасында Кыргызстанга демократиялык реформалар боюнча Европа биримдигинен да, эл аралык уюмдардан да жардамдын азайышына алып келээрин эске салат.
Кыргыз Республикасы өзүнө милдеттендирген эл аралык стандарттар коомдук телеканалдардын иштешинин зарылдыгын белгилейт жана документтин долбоору 90-жылдардын башында жана 2010-жылга чейин болгон мурдагы мыйзам ченемдерин кайтарууну сунуштайт.
Мыйзам долбоорунда КТРКнын байкоочу кеңешин таркатып жиберүү да сунушталган. Учурдагы документте байкоочу кеңеш корпорациянын башкаруу органы болуп белгиленген.
Эксперттер - бүгүн КТРК де-факто коомдук каналга айлана электигин, бул дагы өлкө жетекчилигинин саясий эркинин жоктугун, телеканалдын редакциялык саясатына бийликтин кийлигишүүсүн дагы бир жолу далилдеп жатканын айтат.
Ошондуктан, алардын пикири боюнча, КТРК боюнча азыркы мыйзамга саясий көз карандылыктан коргоо жана коомдук телерадиокомпаниянын көз карандысыздыгын кепилдөө үчүн адекваттуу каржылоону караган түзөтүүлөр керек.
Булак: NazarNews.kg