www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Өкмөтү 2004-жылы 31-декабрда канадалык компания менен түзгөн жаңы келишими өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүнө багыт алган келечегине “балта чапкан” чечим болгон. Президент Аскар Акаев менен Өкмөт башчы Николай Танаевдин мындай чечими – мамлекетке жасаган чыккынчылыкка тете. Себеби, дагы үч жылдан кийин “Кумтөр” кенин башкаруу толугу менен кыргыз бийлигинин колуна өтүп, өндүрүштүк инфратүзүмдөргө кожоюндук кыла баштамак. Башкы келишимде каралган  66,67 % үлүш менен кен казып алуунун натыйжасында өлкөдө экономикалык бакубатчылыкка шарт түзүлөт болчу.

Ошол учурдагы Жогорку Кеңештин Абдыганы Эркебаев төрагалык кылган мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттарынын каршылыгына карабастан Акаев өзүнүн кызыкчылыгын ишке ашырууга жан далбас кылган. Жогорку Кеңештин депутаттарынын пикирин эске алган жок. “Өтүгүн төргө илген...” Акаев Өкмөт башчы Н.Танаевдин колу менен “Центерра голд инк” компаниясына “Кумтөрдүн” байлыгын биротоло өткөрүп берген. Ошол күндөн кыргыз бийлиги өзүнүн алтын кенин башкаруудан куру жалак калган. Бул кылмыштуу келишимдин артында турган Акаев баш болгон “мафия” ушул күнгө чейин жоопкерчиликке тартылбай келе жатат.

Келишим түзөрдөн мурда Канадада катталган бул шектүү “Центерра голд” компаниясынын келечеги барбы, жокпу, кыргыз бийлигинен эч ким сураган эмес. Президент А. Акаев, Өкмөт башчы Н. Танаев компаниянын абалы менен таанышуу үчүн канадалыктардын мыйзамдык базасын, алар кандай иштешет, кен байлыктарынын жалпы абалын иликтөө үчүн биздин геолог, финансист, юрист адистерди, ошондой эле депутаттарды жибериш керек эле. Жок дегенде көз карандысыз, же өкмөттүк эксперттерди катыштырса болмок. 

Анан аталган келишимдин дурус жана буруш жактарын иликтөө мен үчүн кызык болду. Үрөй учурган  көптөгөн фактыларга туш келдим. “Центерра голд инк” компаниянын жалпы үлүшүнө Кумтөр кенинен башка, Монголиядагы “Бороо”, Гацуурт”, АКШдагы “Рен” кенинин үлүшү кошулганы менен, “Рен” деген кендин бар экендиги жөнүндө эч жерде далилдүү маалыматтарды таппадым.  Кыргыз Өкмөтү дагы кызыгып сурап койбоптур. Мисалы, Америкада алтын казып алуучулар салыктын 7 түрүн төлөшөт экен. Анын ичинде казып алынган жерлерди калыбына келтирүүгө атайын каражаттарды бөлүшөт. Ал эми Кыргызстанда иштетилген жерлерди калыбына келтирүү боюнча канадалык “Кумтөр голд компани” компаниясы акча бөлгөнү менен анын эсеби чет өлкөлүк Лондондогу банкта экенин кийин билдим.

Ошентип, Акаевдин бийлигинин куулугу менен “Центерра голд инк деген биргелешкен ишкана түзүлүп, Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле Өкмөт башчысы Н. Танаев мырза 2003-жылдын 31-декабрында, жаңы жылдын алдында Өкмөттүн №835-токтомуна мас абалында түн ичинде жалгыз кол койгон деген фактылар айтылып жүрөт. Себеби, келишим кийинки жылга калып кетсе, саясый кырдаал ага жол бербешин билишкен сыягы. Мына ошол күндү Акаевдин бийлиги кыргыз элинин ырыскысын уурдаган күн деп белгилесе болот. Алтын кени бар-жогу билинбеген үч кенди колубузга карматып, дүйнөдөгү ири кендин бири болгон “Кумтөр” алтын кенине ээ болуп калышкан.

Канадалык компания менен кыргыз бийлигинин кызматташуу таржымалына сарасеп сала турган болсок, Кумтөр кенин иштетүү боюнча алгачкы келишим 1992-жылы түзүлгөн. Анан фабриканы куруу, электр энергиясын тартуу, калдык сактоочу жайлардын, жолдордун, жатаканаларынын, комбинаттын курулушу дээрлик беш жылга созулуп 1997-жылдын май айынан алтын казып алына баштаган. Демек, ал келишим он жылга түзүлүп, 2007-жылы 10-майда ишкана толугу менен Кыргыз Өкмөтүнүн жетекчилигине өтүшү керек эле. Келишимдин маңызы ушундай болчу.

Макул, канадалык шылуундар он жыл аралыгында ашыкча чыгымды көбөйтүп, таза кирешени азайтып келишсин. Бирок, 2007-жылдан баштап Кыргызстандын экономикасы 66,67% пайыз үлүш менен эбегейсиз киреше табууга болор эле да. Торонтодогу биржада катталган эл аралык деңгээлдеги компаниянын биздин өлкөбүздө, биздин пайдабыз үчүн иштеп жатышынын эмнеси жаман? Акаев элдин жашоо-шартынын кызыкчылыгын ойлосо, мындай чыккынчылык келишимге барбайт болчу.

Эми иликтөөгө назар салыңыз, окурман. 2002-жылы Канадалык “Камеко” компаниясы “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасын реконструкциялап, инвестиция тартпайлыбы” деген сунушун Өкмөткө жолдойт. Кагаз жүзүндө ушундай. Окурмандын бүйүрүн кызытуучу мында бир мандем бар.

Себеби, жаңы келишимдин түзүлүшүнө эң оболу кыргыздын Аскар Акаев баш болгон шумпай-жетекчилиги кызыктар болгонун баса белгилеп айта кетели. “Инвестиция тартпайлыбы” деген сөздүн артында “чогуу жебейлиби” деген кызыкчылык жатат. Тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, “ушундай сунуш киргизгиле, биз колдоп беребиз” дегендер биздин коррупционер-жетекчилердин “акылы” десем жаңылышпаймын. Ошолордун түрткүсү менен келишим түзүлгөн. Анткени, алдыда 2007-жыл жакындап келаткан. Келишим боюнча канадалыктардын “Кумтөрдөн” чыгып кетишине аз калган. Ошондуктан, биздин жетекчилер аларды пайдалангысы келген. Анткени, алтын көп казыла баштады. Дүйнөлүк рынокто алтынга болгон баалар өстү. Ушундан улам, “Центерра” компаниясын түзүү аферасына кыргыз бийлиги биринчилерден болуп демилге көтөрүп чыккан. Эгерде кызыктар болбосо, анда токтотуп коёт эле да. Элди ойлогон бийлик, “бизге кереги жок, келишим боюнча иштейбиз” дешсе, ким кой демек.

Мына ушул божомолумду кийин “Кумтөрдө” он жылдан ашык жетекчилик кызматта иштеген, өз ара келишимдер боюнча сүйлөшүүлөрдүн негизги күбөсүболгон Лен Хоменюк мырза жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тастыктап жатпайбы. Анда эмесе, Лен Хоменюктун “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен болгон маегинен үзүндү окуйлу.

«Азаттык»: Вы, наверное, ознакомлены с документами, где подробно описываются обвинения против Вас. Вам в вину ставится заключение соглашений с кыргызским правительством вразрез с национальными интересами, нанесение ущерба государству, в бытность вами главой «Камеко», «Кумтор оперейтинг» и «Центерра». Ваша подпись стоит на документах и от имени «Камеко» и от «Центерры». По версии следствия, эти соглашения противоречат интересам Кыргызстана…

Хоменюк: Правильно, я работал на руководящих должностях в «Кумторе» с 1992 по 2008 год. Я трижды участвовал в переговорах с властями Кыргызстана и при подписании соглашений. Я хочу подчеркнуть, что все это делалось по инициативе кыргызской стороны. Во всех трех переговорах я принимал непосредственное участие -- в 1994 и 2003 году, последний раз в 2007 году, и кстати, на тот момент премьер-министром был Атамбаев.

Я еще раз повторюсь, все эти соглашения были подготовлены по просьбе властей Кыргызстана и они содержат их предложения. Никаких взяток не было. Во время переговоров и с кыргызской стороны, и с канадской участвовали независимые эксперты, юристы, консультанты по финансам. Кроме того, присутствовали представители Европейского банка реконструкции и развития, Всемирного банка. Переговоры были открытыми, каждый шаг документировался.»  (Булак: «Азаттык» радиосу, 2015-жылдын 21-октябры).

Мына окурман. Кыргызстанга кыянатчыл бийликтин келишимдерди кайра кароо демилгеси кыргыз бийлиги тарабынан болгонун Хоменюк мырза ташка тамга баскандай айтып жатат. Анан дагы «Центерраны» уюштуруудагы 1992-жылдагы баштапкы келишимде каралган  67% жана 33% үлүштөр боюнча журналисттин төмөндөгүдөй суроосуна минтип жооп берген:

«Азаттык»: Сейчас основные споры ведутся вокруг факта, касающегося снижения доли Кыргызстана в «Кумторе» с 67% до 33% в «Центерре». Совсем скоро после этого доля Кыргызстана еще больше снизилась. Вы верите в то, что это было сделано ради интересов Кыргызстана?

Хоменюк: Это соглашение можно обоснованно объяснить. Кыргызстан получил акции «Центерры», разрабатывающей месторождения и в других государствах. Часть акций была продана за 100 миллионов долларов. Это, видимо, быстро позабылось. Проект «Кумтор» был монетизирован для Кыргызстана, иначе говоря, разменян на ценные бумаги.

Я понимаю сегодняшнее разочарование властей Кыргызстана из-за небольшого дохода, который приносит Кумтор. Но как бы ни было, за страной всегда сохраняется право пересмотра условий разработки месторождения. Если есть какие-то спорные моменты, нарушения, обязательно есть право и пути для исправление ошибок...» (Булак: «Азаттык» радиосу, 2015-жылдын 21-октябры).

Туура айтат,  Лен Хоменюк, кенди иштетүүнүн шарттарын кайра кароого  эч ким тоскоол болгон эмес. Мыйзамдын чегинде өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү бизнес үчүн кадыресе көрүнүш. Демек, Кыргыз бийлиги өлкө кызыкчылыгы үчүн сүйлөшүүгө барган эмес. Демилгенин “даамын” татып калган канадалык шылуундар “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча жаңы келишимди түзүүдө кыргыздын коррупционер бийлигинен ашып түшүп, Монголиядагы, Америкадагы алтын кендерин бетине кармашып, “ошол жактан дагы пайда көрөсүңөр” деп алдашкан. Ошентип, Совет доорунда эле иликтенип, далилденген 716 тонна алтын запасы бар Кумтөр кени, Монголиянын 43 тонна алтыны бар “Бороо” жана болжолдуу 50 тоннадай алтыны бар “Гацуурт” кендери, Американын Невада штатындагы 30 тоннадай алтыны бар “Рен” кени жаңыдан түзүлгөн “Центерра голд инк” компаниясынын курамына  кирет.

Негизи, “Центерра голд инк” компаниясы түзүлгөндө Кыргыз Өкмөтү 69 пайыз үлүшкө ээ болушу керек болчу. Себеби, Кумтөрдөгү алтындын запасы жанагы аты аталган башка кендерди кошкондо 6 эсе көп экенине карабастан, Кыргызстан 32 пайыз гана үлүшкө ээ болгон. Калган 68 пайыз үлүш канадалык ишкерлерге өтүп кеткен.  

Экс-президент Аскар Акаев менен экс-премьер Николай Танаевдин кызыкчылыгынын айынан Кыргызстан аферанын барымтасында калды. Биздин өлкөнүн деги эле “Центеррага” кирүүнүн зарылчылыгы жок болчу. Ансыз деле мүмкүнчүлүгүбүз жетиштүү эле.

“Кумтөр” кениндеги Кыргыз өкмөтүнүн үлүшүн Л.Хоменюк айтмакчы тыйынга айландырып, акцияларга алмаштырышып, кыргыз элинин энчисине тийген 32 пайыздын 17 пайыз үлүшүн Николай Танаев, Аскар Акаевдин колдоосу менен 96 миллион канадалык долларга ит бекер сатып жиберген. Ал кезде алтындын бир унцийи 300 долларга жетчү эмес. Ортомчул конторалар аркылуу саттык деген шылтоо менен, эки еврейге ортомчул кызматы үчүн 10 миллион доллар төлөп беришкен. Алардан 1 тыйын салык алынган эмес. Чын-чынына келгенде бул акчаны өзүлөрү эле канадалыктар менен бирге бөлүп алышканын бөркүңүздөй көрүңүз! Лен Хоменюктун, “Часть акций была продана за 100 миллионов долларов. Это, видимо, быстропозабылось...” деген сөзүндө кеп бар.

Ошол учурда кыргыз Өкмөтүнүн миллиондогон акцияны сатууга эч кандай зарылчылык жок болчу. Алтындын баасы төмөн болуп турган. Кыргызстандын экономикасына олуттуу зыян алып келген кырдаал жаралган эмес болчу. Ойлоп көрүңүзчү, Кыргыз Өкмөтү акциянын үлүшүн кимге сатышы мүмкүн? Албетте, ошол эле “Камекого” саткан! Демек, бирге иштеп келген компанияга акцияны сатууда эки еврей брокердин эмне кереги бар эле? Айтор, “брокердик кызмат көрсөтүү” деген шылтоо менен 10 миллион долларды бөлүп жеп коюшкан. Буга Кыргыз мамлекетинин жетекчилиги өтө кызыктар экени талашсыз. Экономикалык жактан алып караганда Кыргызстан үчүн ыңгайсыз экенине карабастан, ушундай соодалашууга барышкан.

“Камеко” сатып алган акциянын эсебинен, “Центерра” 52 пайыз акцияга ээ болуп, “ханга салам бербес” монополист болуп калган. Башкача айтканда, “Центеррага” тийиштүү Монголиядагы “Бороо”, “Гацуурт”,  АКШдагы “Рен” кендеринин контролдук пакет акциясынын кожоюну болгон. Анан “Камеко” кол тийгис компанияга айланган.               

Экинчиден, “Центерранын” акциясынын 8,4 пайызы (миллиондогон акциялар) кыргыздын коррупционер жарандарына берилген. Негизи эле аферанын максаты, “Центерраны” уюштуруп, 8,4 пайыз үлүшкө ээ болууну көздөө болгон. Алар кимдер болушу мүмкүн?.. Менимче, Акаев, Танаев алардын балдары жана башкалар. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” демекчи, бул дагы өз учуру келгенде ачыкка чыгат деген үмүттөмүн.                                     

Анан эми келишимге кол коюп, Кыргызстанды ири чыгашага кириптер кылган Николай Танаев эч камырабай, Россиянын экинчи борбору Санкт-Петербургда үлкөн кызматка которулуп кетти.  Мен учурунда Н.Танаевге кылмыш ишин козгоо боюнча Башкы прокуратурага, финансы полициясына бир нече жолу кайрылгам. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча Н.Танаевге 2008-жылдын 5-февралында кызматынан кыянатчылык менен пайдалангандыгы үчүн айып тагылып, кылмыш иши козголгон болчу. Финансы полиция кызматынын тергөөчүлөрү Н.Танаевди суракка алганы менен жарытылуу иш жасай алышкан эмес. Кылмыш иши козголгондон бир айдан кийин, айыпталуучунун жашаган жери белгисиз болгондуктан, кылмыш иши токтотулган. Тагыраак айтканда, Танаевди качырып жиберишип, ушундай чечим чыгарышкан. Андай нерсе Кыргызстанда “жөн эле” боло бербейт. Ошондо эле камап коюшканда, көп сырдын башы ачылат болчу. Мен Танаевдин маселеси боюнча учурунда Интерполго кайрылганмын.

Н.Танаев Россияга качып кеткенден кийин “Кумтөр” боюнча козголгон иши үчүн Россияда он сутка камалган. Сурак берип жаткан. Бирок, Танаевди Кыргызстанга өткөрүп беришкен жок, анткени, ал Россиянын жараны болгонго үлгүргөн. Андан кийин парламент тарап кетти. Менде мурдагыдай мүмкүнчүлүктөр болбой калды.

Кубанычбек Исабековдун «Кумтөр» акталбаган үмүттөр"....

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости