www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Кубанычбек Исабековдун китебинде "Кумтөр" алтын кениндеги коррупциялык ишмердүүлүктүн мамлекетке зыян келтирген далилдери камтылган окуяларды NazarNews.kg маалымат агенттигине кезек-кезеги менен чыгарып турууну туура көрдүк. 

Бүгүнкү китептин уландысында, "Кумтөр" алтын кенинде аферанын башында - Акаев менен Танаев турган окуя окурмандарга сунушталат. 

АФЕРАНЫН БАШЫНДА - АКАЕВ МЕНЕН ТАНАЕВ

“Камеко” компаниясынын Кыргызстанга зыяны көп болгонун дагы да баса айткым келет. Себеби, аталган ишкана менен соттошуп жүрүп үрөй учурган фактыларга нечен ирет кабылдым. Өзүңүздөргө маалым болгондой, Кумтөр кенин иштетүү боюнча келишим 1992-жылы түзүлгөн. Анан фабриканы куруу, электр энергиясын тартуу, калдык сактоочу жайлардын, жолдордун, жатаканаларынын курулушу дээрлик беш жылга созулган. 1997-жылдын май айынан алтын казып алына баштаган. Демек, ал келишим он жылга түзүлүп, 2007-жылы 10-майда ишкана толугу менен Кыргыз Өкмөтүнүн жетекчилигине өтүшү керек болчу. Ушундай максатта Кыргыз Өкмөтү келишимге кол койгон.

2002-жылы Канадалык “Камеко” компаниясы “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасын реконструкциялап, инвестиция тартпайлыбы” деген сунушун Өкмөткө жолдойт. Кагаз жүзүндө ушундай. Окурмандын бүйүрүн кызытуучу мында бир мандем бар. Себеби, жаңы келишимдин түзүлүшүнө эң оболу кыргыздын шумпай- жетекчилиги кызыктар болгонун баса белгилеп айта кетүү абзел. “Инвестиция тартпайлыбы” деген сөздүн артында “чогуу жебейлиби” деген кызыкчылык жатат. Тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, “ушундай сунуш киргизгиле, биз колдоп беребиз” дегендер биздин коррупционер-жетекчилердин “акылы” десем жаңылышпаймын. Ошолордун түрткүсү менен келишим түзүлгөн. Анткени, алдыда 2007-жыл жакындап келаткан. Келишим боюнча канадалыктардын “Кумтөрдөн” чыгып кетишине аз калган. Ошондуктан, биздин жетекчилер аларды пайдалангысы келген. Анткени, алтын көп казыла баштады. Дүйнөлүк рынокто алтынга болгон баалар өстү. Ушундан улам, “Центерра” компаниясын түзүү аферасына кыргыз бийлиги биринчилерден болуп демилге көтөрүп чыгышты. Эгерде кызыктар болбосо, анда токтотуп коёт эле да. Элди ойлогон бийлик, “бизге кереги жок, келишим боюнча иштейбиз” дешсе, ким кой демек.

Ошентип, Акаевдин бийлигинин куулугу менен “Центерра голдинк" деген биргелешкен ишкана түзүлүп, Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле Өкмөт башчысы Н. Танаев мырза 2003-жылдын 31- декабрында, жаңы жылдын алдында Өкмөттүн .№835-токтомуна мас абалында түн ичинде жалгыз кол койгон.

Жаңыдан түзүлгөн “Центерра голдинк” компаниясынын курамына, ага Совет доорунда эле иликтенип, далилденген 716 тонна алтын запасы бар Кумтөр кени, Монголиянын 43 тонна алтыны бар “Бороо” жана болжолдуу 50 тоннадай алтыны бар “Гацуурт” кендери, Американын Невада штатындагы 30 тоннадай алтыны бар “Рен” кени кирет. Негизи, “Центерра голд инк” компаниясы түзүлгөндө Кыргыз Өкмөтү 69 пайыз үлүшко ээ болушу керек болчу. Себеби, Кумтөрдөгү алтындын запасы жанагы аты аталган башка кендерди кошкондо 6 эсе көп экенине карабастан, Кыргызстан 32 пайыз гана үлүшкө ээ болуп калган. Калган 68 пайыз үлүш канадалык ишкерлерге өтүп кеткен.          .

Бирок, акча дегенде эсинен кеткен кыргыз бийлиги 2004-жылы кыргыз элинин энчисине тийген 32 пайыздын 17 пайыз үлүшүн Николай Танаев, Аскар Акаевдин колдоосу менен 96 миллион канадалык долларга ит бекер сатып жиберишкен. Ал кезде алтындын бир унцийи 300 долларга жетчү эмес. Ортомчул конторалар аркылуу саттык деген шылтоо менен, эки еврейге ортомчул кызматы үчүн 10 миллион доллар төлөп беришкен. Алардан 1 тыйын салык алынган эмес. Чын-чынына келгенде бул акчаны өзүлөрү эле канадалыктар менен бирге бөлүп алышканын бөркүңүздөй көрүңүз!

Себеби, ошол учурда кыргыз Өкмөтүндө миллиондогон акцияны сатууга эч кандай зарылчылык жок болчу. Алтындын баасы төмөн болуп турган. Кыргызстандын экономикасына олуттуу зыян алып келген жер титироо дейли, же суу ташкыны болгон эмес. Жок дегенде ушундай кырдаалда акциянын үлүшүн сатса, негиздүү болмок. Ойлоп көрүңүзчү, акциянын үлүшүн кимге сатышы мүмкүн? Албетте, ошол эле “Камекого” саткан! Демек, бирге иштеп келген компанияга акцияны сатууда эки еврей брокердин эмне кереги бар эле? Айтор, “брокердик кызмат көрсөтүү” деген шылтоо менен 10 миллион долларды бөлүп жеп коюшкан. Буга Кыргыз мамлекетинин жетекчилиги өтө кызыктар экени талашсыз. Себеби, чөнтөгүн ойлошкон. Экономикалык жактан алып караганда Кыргызстан үчүн ыңгайсыз экенине карабастан, ушундай соодалашууга барышкан. “Камеко” сатып алган акциянын эсебинен, “Центерра” 52 пайыз акцияга ээ болуп, “ханга салам бербес” монополист болуп калган. Башкача айтканда, “Центеррага” тийиштүү Монголиядагы “Бороо”, “Гацуурт”, АКШдагы “Рен” кендеринин контролдук пакет акциясынын кожоюну болгон. Анан “Камеко” кол тийгис компанияга айланды.

А. Акаев, Н. Танаевдердин дагы бир кызыкчылыгы, булар "Центерра” түзүлгөндө сөзсүз түрдө “шапкесин” алышкан. Алар келесоо эмес да, канадалыктарга алдангыдай. Андан калса, А. Акаев он жылдан бери элди алдап, “адис” болуп бүткөн эле. Экинчиден, “Центерранын” акциясынын 8,4 пайызы (миллиондогон акциялар) кыргыздын коррупционер жарандарына берилген. Негизи эле аферанын максаты, “Центерраны” уюштуруп, 8,4 пайыз үлүшкө ээ болууну көздөө болгон. Алар кимдер болушу мүмкүн?.. Менимче, Акаев, Танаев алардын балдары жана башкалар. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” демекчи, бул дагы өз учуру келгенде ачыкка чыгат деген үмүттөмүн.

Анан эми келишимге кол коюп, Кыргызстанды ири чыгашага кириптер кылган Николай Танаев эч камырабай, азыр Россиянын экинчи борбору Санкт-Петербургда үлкөн кызматты аркалап чардап жүрөт. Мен учурунда Интерпол аркылуу Танаевдин үстүнөн бир топ иштерди изилдегем. Ал тургай ошол Лондон, Гонконг биржаларында сатып аткан акциялары боюнча иликтөөлөрдү жүргүзгөм. Кылмыш ишин козгоо боюнча Башкы прокуратурага, финансы полициясына бир нече жолу кайрылгам. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча Н.Танаевге 2008-жылдын 5-февралында кызматтын кыянатчылыгы менен пайдалангандыгы үчүн айып тагылып, кылмыш иши козголгон эле.

Финансы полиция кызматынын тергөөчүлөрү суракка алганы менен жарытылуу иш жасай алышкан жок. Кылмыш иши козголгондон бир айдан кийин, айыпталуучунун жашаган жери белгисиз болгондуктан, кылмыш иши токтотулган. Тагыраак айтканда, Танаевден алчусун алып, анан качырып жиберишип, ушундай чечим чыгарышкан. Ошондо эле камап коюшканда, көп сырдын башы ачылат болчу. Н.Танаев Россияга качып кеткенден кийин “Кумтөр” боюнча козголгон иши үчүн Россияда он сутка камалган. Сурак берип жаткан. Бирок, Танаевди Кыргызстанга өткөрүп беришкен жок, анткени, ал Россиянын жараны болгонго үлгүргөн. Андан кийин парламент тарап кетти. Менде мурдагыдай мүмкүнчүлүктөр болбой калды. Жок дегенде сурактын материалдарын алып калсак жакшы болот эле.

Мен алтындын баасы 1 унцийи 854 доллар болуп турганда эсептегенде, Кыргызстан “Кумтөр” кенинен эле 7,5 миллиард доллар пайда тапмак экен. Канадалык шылуундар жаңы келишимди түзүүдө кыргыздын коррупционер бийлигинен ашып түшүп, Монголиядагы, Америкадагы алтын кендерин бетине кармашып, “ошондон пайда көрөсүңөр” деп алдашкан. Экс-президент Аскар Акаев менен экс-премьер Николай Танаевдин «жолдо калган» жоругунун айынан Кыргызстан оңбогондой утулуп, чоң аферанын жеми болду. Биздин өлкөнүн деги эле “Центеррага” кирүүнүн зарылчылыгы жок болчу. Ансыз деле мүмкүнчүлүгүбүз жетиштүү эле.

Болгондо да Канаданын Торонтосунда катталган бул шектүү “Центерра голд” компаниясына Кумтөр кенинен башка, “Бороо”, Гацуурт”, “Рен” кенинин үлүшү кошулганы менен, менин иликтоом боюнча “Рен” деген кендин бар экендиги жөнүндө эч жерде далилдүү маалыматтар болгон эмес. Кыргыз Өкмөтү дагы кызыгып сурап койбоптур. “Центерра голд инк” компаниясын түзөрдөн мурда А. Акаев, Өкмөт башчысы Н. Танаев канадалыктардын мыйзамдык базасын, алар кандай иштешет, кен байлыктарынын жалпы абалын иликтоо үчүн биздин геолог, финансист, юрист адистерди, ошондой эле депутаттарды жибериш керек эле да. Мисалы, Америкада алтын казып алуучулар салыктын 7 түрүн төлөшөт экен. Анын ичинде казып алынган жерлерди калыбына келтирүүгө атайын каражаттарды бөлүшөт. Ал эми Кыргызстанда иштетилген жерлерди калыбына келтирүү боюнча канадалык “Кумтөр голд компани” компаниясы акча бөлгөнү менен анын эсеби чет өлкөлүк Лондондогу банкта экенин кийин билдим.

Кубанычбек Исабековдун "Кумтөрдөгү "алтын" мафия" китебинин кийинки уландысы "Кыргыз үчүн кыянатчыл келишим" тууралуу...

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости