www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин үчүнчү, төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери Кубанычбек Исабеков Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кайрылуу жасады.
"Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Баарыбызга белгилүү болгондой Кыргыз мамлекетинин атак даңкы, тарыхы элибиздин бермети болгон Ысык-Көлүбүз менен белгилүү экени баарыбызга маалым.
Азыркы маалда атактуу көлүбүздү көзүбүздүн карегиндей сактап калышыбыз керек. Ушуга байланыштуу 2021-жылды “Кыргыз бермети Ысык-Көлдү сактоо жылы” деп жарыялооңузду суранабыз.
Себеби, Ысык-Көл дүйнөлүк маанидеги ири көлдөрдүн бири. Биз көлүбүз, таза абабыз, анда өскөн таза жер-жемиштерибиз бар бейиштей жерде жашайбыз. Бирок ушул ата-бабадан калган мурасты мыкаачылык менен пайдаланып жатканыбызды келечек муун кечирбейт эмеспи.
Туризм – мамлекетибиздин келечеги. Тоо-кендерибизди талкалап, саткандан көрө тоолорду сактап, туризмди өнүктүрсөк өнүгүп-өсмөкпүз. Мисалы, Түркия бир жылда туризмден 28 млрд доллар таза пайда табат. Анталияда эле 8 млрд доллар таза киреше түшөт. Кыргызстан эгемендик алгандан бери “Туризм – келечектүү тармак” деп айтып келатканы менен чеке жылытарлык бир долбоорду ишке ашыра элек. Программалар түзүлө берет, бирок эмдиге чейин улуттук концепция жок. Туризм саясатын жүргүзө турган министрлик жок. Мурда чуркап жүрүп, мамлекеттик агенттик түздүргөнбүз, азыр Маданият министрлигинин алдындагы департамент болуп калды. Туристтердин санына эмес сапатына өтөлү деген ою да жок. Улуу Жибек Жолу унутулгандай.
Ал эми туристтерди тартуу боюнча Ысык-Көл биринчи орунда да. Жайкысын көлгө барып, ичип-жеп баса беришет, болду. Союз учурунда Көлдүн Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында,Тамга айылында чакан аэропорттору бар болчу, азыр алардын үчөө талкаланып жок болду. Пансионаттарга, жайлоолорго кеткен жолдор мышык ыйлаарлык абалда. Бизде туризм боюнча мамлекеттик деңгээлде саясат да жок. Өзгөчө экологияны сактай турган улуттук концепцияны иштеп чыгып бекитиш керек эле. Эгемендүүлүктүн 30 жылында туризм тармагына инвестиция катары 30 тыйын бөлүнгөн жок. Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлар жети типте менчикке бөлүнөт: Президент менен Өкмөттүн иш башкармалыгынын санаторийлери, министрликтердики, профсоюздардыкы, жеке менчиктер, сырткылардыкы (Казакстан, Өзбекстан), биргелешкен жана курулуп келатып 30 жылдан бери токтоп калгандар болуп. Мисалы, Кажы-Сайдагы “Ташсельмаш” деген пансионат курулуп бүтпөй, аркайып таланып, ошончо жылдан бери турат. Аны Өзбекстан куруп баштаган, бирок эмдигиче юридикалык жагы аныкталбайт. Дагы бир проблема саркынды сууларды тазалоочу жайлардын бүт эскилиги жеткени.
Жылына жаңы курулган эс алуучу жайлар көбөйүп баратат. Таштандыларды кайра иштетүчүү завод куруу деген түшкө да кирбейт. Чоң-чоң санаторийлердин көмөкчү чарбалары жок. Ал эми Ысык-Көлдүн башкы планы да жок. Азыркы күнгө чейин көл жээкке ким эмнени кааласа, ошону салып жатат. Азыр Ысык-Көл өтө коркунучтуу абалда. Түндүк тарабындагы жолдордун салынышы коррупциялашып, токтоп калды. Көпүрөлөр бийик болуп, машиналарды секиртет. Көлдүн тескей тарабындагы жолдорду ойлогон эч ким жок. Казакстандан, Россиядан эски кайыктарды, баржаларды алып келишип, сырдап ремонт жасап коюшат. Эски кеме адам толтуруп барып чөгүп кетсе ким жооп берет? Алар номер албаса, учётко турбаса, техникалык текшерүүдөн өтпөсө адамдарды кантип камсыздандырат? Кемелердин салыгын ким төлөйт? Кеме, скутерлердин май куючу жайлары да жок. Канистрлерге бензин, солярка куюп алып, көлгө кошо төгүп, ар кайсы жерден толтуруп жатышканын баарыбыз кайдыгерлик менен көрөбүз. Бир топ санаторий, пансионаттардын куткаруучулары жок. Элдин коопсуздугу эч каралган эмес. Көлгө машиналарын алып кирип жуугандар бар. Үйлөрүн көл жээгине чейин салып алышты. Андан чыккан саркынды суулар, таштандылар кышы-жайы менен көл суусуна кире берсе, келечек кандай болот? Киринип, кир жуугандар бар. Канализациядан чыккан кир сууларды агызып жибергендер бар. Ичине заара ушаткандар бар. Муну мен душмандык саясат деп эсептейм. Бул – келечекке балта чабуу. Мындай жорук-жосундарды жасай берсек, ашып кетсе 5 жыл, андан кийин көлдү таптакыр булгап же жоготуп алышыбыз мүмкүн. Аң-сезимди өзгөртпөсө болбойт. Карагайларын каалашынча кыйышты, жашылдандыруу маселесин ойлогон эчким жок. Көлдүн ичинде балыктар таптакыр жоголуп баратат. Баардыгын көрүп, билип туруп жаным кейийт. Ысык-Көлдү биз азыр сактап калбасак, келечектеги муундар да, кудай да кечирбейт. Ушунча чыдадык, жапайычылыкты эми токтотуу керек.
Айрым мамлекеттер чөлүн көргөзүп мактанат, кыргыз эли көлүбүздү сактай албайбызбы?! Айта берсе арман көп. Ысык-Көлгө жүрөгү менен берилген жетекчи керек. Ошондуктан сунуш айтаар элем – “Ысык-Көлдү сактоо” жылын киргизүү керек.
Эгер бул оюбуз ишке ашып ыйык Ысык-Көлүбүздү коргоо үчүн план-программалар түзүлүп, иш-чаралар өтө турган болсо, биз дагы өз салымыбызды кошконго даярбыз", - деген Кубанчыбек Исабеков кайрылуусунда.
Булак: NazarNews.kg