www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми «Кыргызалтын» ААКнын негизги ишмердүүлүгүнө токтололу. Себеби, коомчулук бул мекемени алтын менен гана иштеген ишкана катары билишет. Эгерде терең сүңгүп кире турган болсок, коомчулуктан жашырып келген иштери чууруп чыга берет экен.

Туура, «Кыргызалтын» «Кумтөрдөн» алынган ДОРЕ эритмесин Кара-Балтадагы алтынды аффинаждоо заводунда тазалап, таза алтынды (пробасы 9,999) россиялык «Номос» банкы Лондондогу дүйнөлүк биржанын баасында (күн сайын эсепке алуу менен) сатып келди. Ошону менен бирге кызмат акысын алып турушкан. Бирок, ал дагы ачык эмес. Аталган банктын кызматы үчүн канча каражат кетип жатканын эч жерден таппайсын. Ал эми «Номос» банк Кумтөрдүн алтынынан түшкөн акча каражатын кайра түздөн-түз «Кумтөргө» которуп келди. Азыр мамлекеттик ишкана кайсыл банк менен иштешип жатат, ал дагы белгисиз. Анткени, «Кыргыз-алтындан» маалымат алуу өтө кыйын.

Суроо туулат. Эмне үчүн «Кыргызалтын» алтынды ондогон жылдардан бери россиялык «Номос» банкы аркылуу сатып келди? Дүйнөлүк биржа аркылуу түз сатсак биздин кирешебиз көбүрөөк болбойт беле? Эмне үчүн биздин Улуттук банк аркылуу сатууга болбойт? Же ага акылы жетпейби Кыргыз Өкмөтүнүн? «Кыргыз-алтынга» мындай укукту ким берген? Кандай критерий менен «Номос» банкы тандалган? Айрым маалыматтарга караганда, «Ушул банк менен иштейсиңер» деп, «Номосту» канадалыктар таңуулаган. Эч кандай тендер өткөн эмес. Бул боюнча Өкмөттүн кандай чечими бар? Абай салып караган адамга коррупциянын башаты ушул жерде жаткандай...

Эми күмүш тууралуу айтсак. Мендеги маалыматтар боюнча 2008-жылдын 1-январына чейин «Кыргызалтын» АКсы 62 тонна күмүш саткан. Ал 12 миллион доллар болуптур. Бирок, ошол каражаттар кандай максатта пайдаланылды белгисиз бойдон калган.

12 миллион доллардан бюджетке 12 тыйын түшкөн эмес. Ошондуктан, 2008-жылы 30-мартта «Кыргызалтындын» ошондогу президенти Алмазбек Жакыповго, күмүш кандай баа менен, ким

аркылуу сатылганын, ошол акчалар кайда жумшалганын сурагам. Алар бул суммаларды кайдагы бир салыктарга, кызмат көрсөтүүлөргө шылташып, маалыматтарды беришкен. Андан бери он эки жыл өттү. Алтын менен күмүштөн түшкөн кирешени «Кыргызалтын» ишканасы сыр кылып жашырып келатат.

Муну айтып жатканымдын себеби, «Кыргызалтын» ишканасынын чыгашалуу болуп жатканы, ошону менен бирге алтын куймаларынын чет өлкөлөргө уурдалып жатканы элине күйө турган бийликти ойлондура турган маселе.

Эсиңерде болсо керек, Индияда алтын куймасы менен бир аял кармалган. Турцияга алтын ташылып жатканын Жогорку Кеңештин депутаттары дагы убагында маселе көтөрүп чыккан. Аэропорттон колго түшкөндөр болгон. 2010-жылдагы тoo кен ми- нистри К. Курманалиев Кыргызстандан качып кеткенде, анын аялы Н. Курманалиеванын банктагы ячейкасынан 45 миң доллар, 31 миң евро, эки алтын куймасы табылган. Ошол убактагы Убак-

тылуу Өкмөт эмне үчүн буларды мамлекетке алган жок? Алардын баары кайдан чыкты?

Алтын демекчи, учурдан пайланып бир фактыга токтолууну туура көрдүм. Анда Жогорку Кеңеште миграция боюнча комиссиянын төрагасы элем. Бир күнү мен башкарган комиссияга «Манас» эл аралык аэропортунан сексуалдык кулчулукка кыздарды алып кете турган рейс жөнөп жатканын билдиришти. Бул боюнча ошол учурдагы мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаевге телефон чалып, болгон абалды түшүндүрдүм. Самолетту текшериш үчүн атайын чечим керек экенин билдирди. Мен Жогорку Кеңештен комиссиянын чечимин чыгартып, коопсуздук кызматынын төрагасынын колуна карматтым.

Коопсуздук кызматынын кызматкерлери самолетту текшерип жатканда «Кыргызалтындын» мамлекеттик мөөрү басылган салмагы 27 килограмм болгон алтын куймаларын таап алышкан. Көрсө, ошондо эле алтынды контрабандалык жол менен алып чыгып кетишчү экен. Тилекке каршы, комиссиянын ыйгарым укугунун чектелүүсүнөн, ал алтын ким тарабынан, кайда алып бара жатканын толук иликтей албай калганбыз.

Эми ойлоп көргүлө: чымын кире алгыс Кара-Балтадагы комбинаттан кантип 27 кг алтын чыгып жатат? Алтын капысынан табылган жок да. А буга чейин кылмыштуу жол менен канчалаган алтын чет өлкөгө ташылып кетти, аны бир кудай билет. Мына коррупция кайда жатат?! Алтын контрабандасын азыр токтоп калды деп ким кепилдик берет? «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги муну билбей калышы мүмкүн эмес.

Кумтөр кенинде казып алынып жаткан баалуу заттардан азырынча, алтын менен күмүштү сөз кылып жатабыз. А башка баалуу заттарчы? Айрым маалыматтарга караганда Кумтөрдө жогорку концентраттагы металлдардын элементтери – мышьяк, сурьма, барий, висмут, кобальт, хром, жез, свинец, сымап, молибден, никель, селен, стронций, цинк, теллур, вольфрам жана башка баалуу металлдар бар (Булак: Рафаилович жана башкалар, 2008).

Ал эми СССРдин тушунда, 1976-жылдардан 1985-жылга чейинки Геологиялык экспедициянын курамында иштеген Москвадагы илим-изилдөө институту Кумтөрдү изилдеген советтик чалгындоо командасы менен бирге, кен чыккан жерде «алтын жана күмүштүн, ошондой эле урандын, жездин, алюминий, темир жана вольфрамдын аномалдуу концентраты» бар деген тыянагын билдиришкен.

Ошондой эле 1970-жылдардан 1980-жылдарга чейинки Өкмөттүк комиссия ачык ыкма менен карьердеги кенди казып алуу иче турган суунун сапатына, айлана чөйрөгө жана мөңгүлөргө терс таасирин тийгизерин алдын ала билдиришкен. Ушундай маалыматтарды эске алып, «Кумтөрдө» кандай баалуу заттар бар экендигин дагы бир ирет тастыктоо максатында, 2008-жылы 17-июлда «Кыргызалтын» АКсынын президенти А. С. Жакыповго кат менен кайрылып, андан таң калыштуу жооп алгам.

1993-жылы «Кумтөр» долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздемени «Кумтөр голд компания» ишканасынын өтүнүчү менен канадалык «Килборн Вэстэрн Инкорпорэйтед» (Килборн) инженердик компаниясы жасаган экен. «Килборн» инженердик компаниянын Юридикалык дареги: Канада, Саскачеван,

Саскатун, 2121–11 көчөсүндө, «Камеконун» негизги финансылык-чарбалык ишин көзөмөлдөп келген «Кумтор Моунтинг компания» жайгашкан үйгө дал келип калганына таң калуунун кажети жок. Мен жогоруда баса белгилеген даректин сыры мына ушунда жатат. Ушундан улам, «Килборн» «Камеконун» эле менчик компаниясы экенин билүүгө болот. Демек, бул жерден дагы техникалык-экономикалык негиздемени түзгөнү үчүн олчойгон каражатты кымырып калышкан.

Эмне үчүн «Кумтөр» долбоорунда 66,67 пайыз үлүшү бар Кыргыз Өкмөтүнүн геологдору кенди изилдөөгө катышкан эмес? – деген суроо жаралат ушул жерде. Ага чейин биздин геолог адистердин геологиялык чалгындоолорунун жыйынтыгы эмне болгон? «Кумтөр» кени керек болсо СССРдин учурунда изилденип, такталган кен эмес беле.

Мына ушундай маселелер боюнча геология-минералогия илимдеринин доктору, кыргыздын алгачкы кен изилдөөчүсү Кубат Осмонбетов ушул маселе боюнча басма сөзгө төмөндөгүдөй оюн билдирген экен: «Кумтөр» 1978-жылы ачылган. Такталып бекитилген запасы 716 тонна алтын, 388 тонна күмүш, 1500 тонна вольфрам болгон. Канадалыктар да ушундай документке кол коюшкан. «Борбордук» участоктон башка жанындагы «Түштүк-Батыш», «Сары Тор», «Акбел», «Борду» деген участоктордо алтын бар. Ушулардын бардыгында болжолдуу 1000 тонна алтын бар деп убагында божомол берилген. «Кумтөрдү» он эки жылдан бери иштеткендер анын запасын көбөйтүп, башка бир дагы участоктун алтыны «момунча» деп геология жана минералдык ресурстар мамагенттигинен бекитишпеди. Себеби,

«Камеко» геологиялык чалгындоолор, изилдөөлөр, долбоорлор үчүн каражат бөлбөдү. Демек, алар «Кумтөрдүн» үстүндөгү каймагын карьердик ыкма менен гана казып алып кетүүнү көздөшүүдө. Иштин жүрүшүндө келечек үчүн, илим үчүн эч нерсе жасалган жок... СССРдин тушунда эле Кумтөрдү ачууга 35 миллион доллар жумшаган. «Муну «Камеко» төлөй элек...» (Булак: «Агым», №36 (588) 15-май, 2008-ж.).

Бул жөндөн жөн эле айтылган жок. Союздун маалында «жети өлчөп бир кескен» илимий негизге таянып айтып жаткан профессордун сөзүнө кошулбай коюуга мүмкүн эмес. Өзгөчө иликтөөнү талап кылган маселе десек да болот. Канадалык компания жергиликтүү окумуштуулар менен бирдикте кенди иштетүүнүн илимге тийгизген таасирин да колго алууга милдеттүү болчу. Жөн эле техникаларды алып келип каза берген менен, кен чыккан жердин казылып бүткөндөн кийинки келечеги кандай болот, компетенттүү адистердин чечимине таянып иш жүргүзүү абзел эле.

Тилекке каршы, «Камекодо» андай ишкердүүлүк көп деле байкалган жок. Канадалык компания Кыргызстандагы өзүнүн илимий борборлору менен мактана албайт. Себеби, андай заманбап кадрларды даярдай турган «мектеби» жок. Кыргыз бийлиги аны талап кылууга дити барбайт. Чын эле дүйнөдөгү кен иштетүүчү ири компанияларда келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин, ишкананын өндүрүштүк инфратүзүмү менен өзүлөрүнүн илимий негизге таянган кызматкерлерин таштап кетишет. «Кумтөрдө» ушундай базага ээ болобузбу, же талкаланып, ташбараңы чыккан талаада, уулуу заттар калкыган көлдүн жээгинде кала беребизби?..

«Кумтөр» кениндеги тонналаган алтын, күмүш, вольфрам жана башка пайдалуу заттарды Кыргыз Өкмөтү пайдаланып жатабы, же топуракка тапталып кала берүүдөбү? деген соболдун жообун издеп көрөлү.

Жакыповдун маалыматы боюнча канадалык «Килброн» компаниясы пайдалуу кендерди изилдеп, алтындан башка, күмүш, теллур, вольфрам, серная кислота кендери аз өлчөмдө бар экенин, ал эми жез, цинк, свинец болгону менен кендеги запасы өтө төмөн болгондуктан, экономикалык жактан натыйжасыз деген бүтүм чыгарган кагазды кыргыз Өкмөтүнүн колуна карматыптыр.

Анан эми теллурду казып алуу, экономикалык жактан пайдасыз, ага өзүнүн кирешесине караганда 50 эсе көп чыгым жумшалат десе, вольфрам боюнча кирешесине караганда үч эсе көп чыгым сарпталарын билдиришиптир. Серная кислотаны өндүрүү боюнча жалпы чыгым 30 миллион долларды түзсө, анын жылдык кире-

шеси 4 миллион гана доллар болот, андан калса, Ысык-Көл облусу өзгөчө корукка алынган аймак жана туризмди өнүктүрүүнү негизги багыт кылып келет, ошондуктан, бул регионго серная кислотаны өндүрүү боюнча завод куруу экологиялык көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн деген жумшак-жылуу жообу менен кутулуп кетишкен экен. «Камеконун» өзүнүн компаниясынын жообуна муюган Кыргыз Өкмөтү өзүнчө иликтөө жүргүзгөн эмес. Жергиликтүү окумуштуулардын пикирин угууга кызыкдар болбоптур.

«Камеко» компаниясы өзүнө караштуу ишкананын «оозу» менен башка баалуу зарттарды иштетүү пайдасыз дегени менен, аффинаждык заводдон калдыктарды чет өлкөгө такай ташыган компаниялар болгон экен. Маселен, парламенттин убактылуу депутаттык комиссиясынын отчетунда төмөндөгүдөй маалымат бар: «За последние 5 лет в компанию «Болиден» (Швейцария) систематически отгружаются так называемые «аффинажные отходы» из филиала «Аффинажный завод» ОАО «Кыргызалтын» с целью их переработки и дальнейшей реализации извлеченных из них металлов. Так, за указанное время было отгружено 77 903,0 тонн сухого веса отходов на общую сумму 1 883 336,78 долл. США, при этом в отчетах ОАО «Кыргызалтын» указывается, что из отходов извлекается только золото, медь и серебро, а судьба остальных сопутствующих компонентов неизвестна (платина, палладий, сера и др.)» (Булак: ЖКнын Стенографиялык отчетунан).

Чынында эле алтын, күмүш, жезден башка баалуу заттарды өндүрүү, кайра иштетүү, андан канча пайда түшүп жатканын билүү ушул күнгө чейин табышмак болуп келе жатат.

КУБАНЫЧБЕК ИСАБЕКОВ, Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты, экс-вице-спикери, КРнын Эмгек сиңирген экономисти, юридика илимдеринин кандидаты

Булак: NazarNews.kg

Последние новости