www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

—Кубанычбек Советович, гезитибиздин «бейне» рубрикасынын талабына ылайык, маегибизди саясаттан эмес, балалык баео кезден баштасак, артка бир кылчайып, өткөн чакка назар таштасаңыз…

—Мен 1966-жылы Ноокатта төрөлгөм. Ата-энем жана бир туугандарым менен беш жашка чейин Кызыл-Кыя шаарында жашадык. Анан үй-бүлөлүк шартка, башка түшкөн кыйынчылыкка байланыштуу тайжуртума кетип, Араванда чоңойдум. Балалык күндөрүм оор болду, кыйынчылыкты көп көрдүк, турмуштун азабын арбын тарттык.

Эсимден азыр да кетелек, апам үч уул, эки кызы менен колхоздун сарайында (шыйпаңда) жашаганбыз. Чиедей кезибизден баштап тиричиликке аралашып, мектептен келерибиз менен пахта талаасында иштеп, бирөөлөрдүн ишин кылышып, данын эгишип, суусун сугарышып, апабызга жардам бергенге аракеттендик.

Бирок, эң негизги түйшүктү апам тартты, беш баланы жалгыз чоңойтту, бизди ач калтырган жок, апабызга биз өмүр бою карызбыз. Албетте, ал учурда заман башка эле, совет өкмөтү колунан келген жардамын берип, атасыз, энесиз балдарга кышында кийим таратып, камкордукка алып турчу. Бирок, берген кийимди кийиш биз үчүн азаптын тозогу эле.

Намыс жол бербей, катуу кайгырган учурлар көп болгон. Тилекке каршы, куру намыс менен албайын десең, кийгенге кийим жок эле. Айласыздан алып, анан мектепке барганда билинип калган күндөр болгон. Жоро-жолдоштун алдында жер караган маалда кийбегенге аракет кылар элек.

—Мектепти аяктагандан кийин түйшүк жеңилдей түшкөндүр…

—Айылдагы 8 жылдык мектепте окуп, 8-классты бүткөндөн кийин курдаш балдар сыңары окуганга дилгирленип, курулуш техникумуна тапшырсам деп тилек кылдым, бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, жалгыз апамдын иштегени өзүбүздөн артпай, каражаттын жоктугунан максатым орундалбай калды.

Анан бир күнү айалдамада ойлонум отурсам (профтехучилищаларга балдарды топтоп кетчү) бир автобуз келип, «Аравандагы 18-училищага балдарды жыйнап жүрөбүз, эч кандай акчанын кереги жок, жатакана, тамак-ашты өзүбүз камсыздайбыз» деп калды.

Аталган окуу жайда балдарды тракторист, айдоочу, токарь, электрик ж.б. кесиптерге даярдаганын угуп жүргөм, жок дегенде ушуну бүтүрөйүн деп, ошол эле жерден автобуска отуруп, училищага кеттим. Ал жерден көп нерсени үйрөндүм, агай-эжейлердин жасаган жакшы мамилесинен улам староста болуп, алдыңкы катарда жүрдүм.

—Аскерге ошол жерден алып кеттиби?

—Училища үч жылдык эле, эки жыл окугандан кийин аскерге чакыртып, кызматка алып кетишти. Барган күндөн баштап бир нече спорттук мелдештерден утуп чыкканыма байланыштуу аскердик бөлүктүн командири кылышты. Башкалар 10 баланы башкарса, мен ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн турган 27 солдатты тарбиялап, сый-урматка татыдым. Биз турган шаардагы мелдештерге аскер бөлүктүн атынан катышып, мөрөйдү алып жаттык.

Ошондо институттун мугалимдери «сени ким машыктырган» деп сурап, эч ким жок өзүм даярданып жүргөнүмдү укканда таң калышкан. Аскерден кийин «бизде калгын» деген сунуштарын беришти, бирок мен окуумду бүтүрүп келейин деп, бардыгынан баш тарттым.

Аскерден келгенден кийин училищаны бүтүрүп, Москвага барып окууну улантайын деген максатты көздөдүм. Бирок, апам кийим алып бергенден кийин жолкиреге акча табылбай, кайра баралбай калдым. Эми Оштогу эле институттарга тапшырайын деп, каражаттын жоктугунан ал тилегим да орундалбады. Жашаганга, тамак-ашка кимдир бирөө колдоо көрсөтпөсө окуш кыйын.

Анан апамды кыйнабайын деген ойго келип, Ош шаарындагы кыш заводундагы керамзит чыгарган жерине ишке кирдим. Ал ден соолукка абдан зыян эле, бирок акчаны көбүрөөк төлөгөнүнө кызыгып, ден-соолукка карабастан иштедим.

—ОМОНдо кантип иштеп калдыңыз?

—Заводдо иштеп жүргөндө, 1990-жылы Ошто тополоң чыгып кетти. Мени спортсмен катары ИИМге ишке чакырып, кызматка алды. Кооптуу экенине карабай элибиздин, мамлекетибиздин тынчтыгы үчүн башты канжыгага байлап иштедик.

Эмгегимди баалады окшойт, ОМОН ачылганда ошол жакка которушту. Ал жерде дагы түрдүү мелдештерге катышып, республикалык деңгээлде ийгиликтерди жараттым. Бирок, 1994-жылы кыскартып, бизди бошотту. Ошондон баштап жеке бизнеске киришип, түрдүү багытта иш алып барып, «таман акы, маңдай тер» менен бир топ ийгиликтерге жеттим.

Сырткаркы өлкөлөр менен байланышып, Туркменстан менен иштештик. Колума бир аз акча топтолору менен атасы жок балдарга жардам берип, бир канчасын үйлөдүм. Каражатын бүт көтөрүп, жакшылык тартуулап, алардын кубанычы менен ортоктош болдум.

Алардын сүйүнүчү мени бактылуу кылды. Балалык чагымдагы максатымды орундаттым. Апамдын айтканын аткарып, башкаларга жакшылык жасадым. Менин эң чоң жетишкендигим ушул деп эсептейм. Чогулган эл апам менен атама дуба беришти, мен ошондо абдан ыраазы болдум.

—Мамлекеттик иштер да эл үчүн кылынган эмгек да…

—Ооба, мамлекеттик иштерди да аркалап, депутатка жардамчы болуп жүрдүм, бир топ фирмада дагы эмгектендим. Анан 2007-жылы Араван району боюнча Жогорку Кеңештеги орун бошогондо, элдин таразасына түшүп көрөйүн деген максатта бир мандаттуу округдан талапкерлигимди коюп, биринчи турдан эле утуп чыктым.

Чоңдун, байдын аялдары катышып, атаандаштыкты абдан жаратты, бирок элдин ишеними мага артып, 14-октябрда колдоп беришти. Тилекке каршы, 7 күндөн кийин 21-октябрда Бакиев парламентти таратып, «Акжол» партиясын өткөрүү үчүн жаңы шайлоону дайындады, мен мандат албай калдым. Албетте, өкүнгөн жокмун, элдин ишеними мен үчүн чоң сыймык болду. Анан мамлекеттик кызматтарда иштеп көрүүнү чечип, Жогорку Кеңешке ишке орношуп, жакшы ийгиликтер менен башкарманын орун басарлыгына чейин жеттим.

2010-жылы революция болду, күзгө чейин иштеп, шайлоодо «Ата Журт» партиясынын тизмеси менен катыштым. Араван районунан «Ата Журт» партиясын 1-орунга чыгардык, ким добушту көп топтосо мандат алат, аздары кетет деген, бирок алдыдагы кишилер чыкпай койду, уяты жок кишилер көп экен, кезекти беришкен жок. 2015-жылы «Кыргызстан» партиясын менен шайлоого катышып, жеңишке жеттик. Айтор, Аравандын эли мени үч ирет колдоп берди. Мен элге ыраазымын, колумдан келген эмгегимди жасайм.

—Жеке жашооңуз боюнча нелерди айта аласыз?

—Туугандарым боюнча айтсам, үйбүлөдө ортончусумун, менден чоң бир эжем, анан байкем, менден кийин иним жана карындашым бар. Ал эми өзүмдүн 9 балам бар. Өкүнгөнүм, биринчи аялым 1996-жылы оруудан кайтыш болуп кетти, экинчи жолу үй-бүлө күттүм.

Чоң уулум болсо армияны бүтүрүп келди. Токмоктогу «скорпиондо» резевр ротада снайпер болуп бир жылдык кызматын өтөдү. Ар бир жигит мамлекет үчүн кызмат кылышы керек, уулдарымдын баарын армияга жөнөтөм деген максатым бар.

—Сизди эл өкүлү катары өкүндүргөн нерсе барбы?

—Биздин ушундай жакшы жаратылышыбыз, кооз жерибиз, чексиз кендерибиз туруп кедей жашаганыбыз аябай өкүндүрөт. Байлыктарды, ресурстарды туура колдоно албай жатабыз. Жакырчылыктын, бюрократиянын айынан жарандарыбыз тентип, башка өлкөлөргө кеткени токтой элек. Ал жакта бардыгы эле жыргаган жери жок.

Аман-соо кетип, өлүгү кайткан учурларды көрүп жатабыз. Кордук көргөндөр, камалып кеткендер бар. Кыргызчылык кылып келишимде айлыгын аз көргөзүп, үстүнө кошуп төлөйм десе макул болуп, аягында бербей койгондор акыркы кездери көбөйдү. Ушул нерселер мени кейитет. Кошумчалай кетерим, биз азыр айыл-чарбасын өнүктүргөнгө аракет кылышыбыз шарт. Бажы союзуна киргенден бери жакшы шарт түзүлдү.

Ар бир районго туруктуу эки же үч эгиндин түрүн айдап, турукташтыруу зарыл. Мисалы, Турцияга барсаң бир райондо жалаң помидор, экинчисинде мандарин, үчүнчүсүндө болгар калемпири ж.б. кылып, экспорттогонго ыңгайлуу шартта айдашкан. Бизде бир эгиндин түрүн чогултуш үчүн бир райондон 2 тонна, экинчисинен 5 тонна, үчүнчүсүнөн 4 тонна кылып чогултасың, бул чыгымды көбөйтүп, жыйынтык бербейт.

Мындан сырткары, кайсы эгинди канча өндүрөрүбүз белгисиз. Эң эле өкүнүчтүүсү, сырттан келген товарлар бизде сатылып, накталай акча менен чыгып кетүүдө. Биз муну Ошто миллиондогон долларлар уурлдалганда гана билдик. А билинбей канча чыгып кетип жатканын аныктаган киши жок, биз буга чек коюшубуз зарыл.

Дегеним, көпчүлүк мамлекеттерде акчаны товар менен алып чыгуу шарты коюлган. Мисалы Кореядан 10 миң долларды гана акчалай алып чыкканга уруксат бар, калганын товар менен чыгарышың зарыл. Биз да ошондой мыйзам иштеп, товар менен чыгарсын дешибиз керек.

Булак: "de-facto"

Последние новости