www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Күрддөрдүн элдик кошуунун (YPG) чек ара аймагынан сүрүп чыгаруу долбоорун көп жылдан бери ачык айтып келүүдө. Анкара YPG тобун Күрд жумушчулар партиясынын (PKK) бир бөлүгү катары санайт. PKK Түркия аймагында автономия үчүн отуз жыл күрөшкөн. Анкара бул топту террордук уюмдардын катарына киргизген.

YPG Сириянын демократиялык күчтөрү менен бирге өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топко каршы натыйжалуу күрөштү. АКШнын колдоосу менен аймактан экстремисттерди сүрүп чыгарды. Сириядагы күрддөр Сириянын түндүгүндө негизги оюнчуга айланганы талашсыз. Келечекте күрддөр Сирияда автоном аймак түзүүнү көздөп турганын дагы эч жашырган эмес.

Күрддөр Түркиянын баш оорусу

АКШ президенти Трамп Түркия Сириянын түндүгүндө "чектен чыгып кетсе", өлкөнүн экономикасын талкалайм деп эскертти. Америка дүйшөмбү күнү Сириянын түндүк-чыгышындагы аскерлерин чыгара баштаган. Аймакта АКШнын миңден ашуун аскери жайгашкан эле. Бул кадамдан кийин Түркия жакын арада аскердик операциясы башталарын жар салды. Талдоочулар президент Трамп Пентагондун кеңешин эске албай, АКШнын Сириядагы саясатын өзгөрттү деп айтууда. Андан тышкары аскердик операциядан кийин аймактагы экстремисттик топтор кайрадан күч алат деген эскертүүлөр дагы бар.

Ал эми өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топко каршы АКШ менен чогуу күрөшкөн күрд кошуундары Вашингтон макулдашылган милдеттерин аткарган жок, "далыга бычак сайды" деп билдирди. Америкалык аскерлер Сириядан чыгып кетсе, Түркия күрддөргө согуш ачабы? Анкара болсо бир нече жолу АКШны террордук топту колдоп жатканы үчүн айыптаган. Ошондой эле түрк аскерлери эки жолу чек арадан өтүп барып, Сириянын территориясында аскердик операция өткөргөн.

2018-жылы Түркия күрд куралчандар көзөмөлдөгөн Сириянын батышындагы Африн шаарына кирип келип, ондогондор каза тапкан. Миңдеген күрддөр аргасыз жер которгон. Өткөн жыл аягында президент Трамп АКШ Сириядагы аскерлерин чыгарып кетет деп жар салганда, Американын өнөктөштөрү күрд куралчандардын тагдырына тынчсызданып турганын билдиришкен. Дональд Трамп өз кезегинде Түркия күрддөргө каршы операциясын баштаса, өлкөнүн экономикасын "талкалайм" деп эскерткен. АКШ лидери чечимин кайтарганы менен Түркиянын президенти Эрдоган "коопсуз тилке" түзүү идеясын улам-улам айтып келди.

"Коопсуз тилке" 480 чакырым чек ара аймагында түзүлөт жана бул жерде 2 миллионго чукул сириялык качкындар жашайт. Сириядагы күрддөрдү АКШ калкалап келди. Бирок америкалык аскерлер аймактан чыгып кеткенден кийин, Түркия менен күрддөр ортосунда узакка созулган согуш башталышы мүмкүн дейт талдоочулар.

Кошмо Штаттарда президент Трамптын чечими кызуу талкууга түштү

Трамптын партиялаштары дагы бул кадамга нааразы болуп жатат. Конгресстеги Республика партиясынын өкүлү Митч МакКоннелл бул - "Орусия, Иран жана Ассад үчүн гана жагымдуу жаңылык" экенин айтты. Америкалык саясатчылар экстремисттик топту бирге жеңип, эми күрддөрдү "өлүмгө" таштап кеткен чоң ката экенин айтышууда. Бириккен Улуттар Уюму болсо гуманитардык кризис болушу мүмкүн экенин эскертип, Түркиядан аскердик операциясы боюнча маалымат талап кылды.

Дональд Трамптын Сирия боюнча билдирүүлөрү, Пентагон менен Мамлекеттик департаменттин кайрылууларынан бир кыйла айырмаланат. Президент Трамп Сириядагы америкалык аскерлер чыгарылат деп жарыялаганын, талдоочулар Түркия аскердик операциясын баштоого мүмкүнчүлүк алды деп түшүндү. Пентагон болсо аз сандагы аскерлер гана айрым аймактардан чыгарылганын, АКШ Түркиянын аскердик операциясына каршы экенин билдирди. Түркия болсо Сириянын түндүгүндөгү күрддөргө эмес, террордук топ деп саналган Күрддөрдүн элдик кошууну менен Күрд жумушчулар партиясына каршы күрөш жүргүзүп жатканын айтууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости