www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылы 7-апрель окуясынан кийин Минскке чыгып кеткен Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиев Башкы прокуратуранын аны Бишкекке өткөрүп берүү боюнча демилгесине байланыштуу алгачкы ирет өзүнүн пикирин билдирди. 

Буга чейин Башкы  прокуратура Курманбек Бакиевди, анын жакын туугандарын,  уулу Максим Бакиевди, анын санаалаштарын оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыкта айыптап, сыртынан соттогон. 

Алсак, Курманбек Бакиев кечээ жакында кыргыз элине Кайрылуу жасап, жыйынтыгында каттуу талкууга алынды. Ага жооп катары Курманбек Бакиев "популисттик риториканы" токтотууну сунуш кылды.

Мурунку мамлекет башчысынын билдирүүсүн  24.kg маалымат агенттиги таратты.

“Мен аларга (Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына) сот системасындагы иштерди тартипке салууну сунуш кылмакмын. Мен буга чейин Лондондун сотунда Кыргызстандын прокуратурасынын өкүлдөрү менен бир жолу жолукканмын. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, Лондондогу соттун чечиминде (сөзмө-сөз айта албайм, бирок текшерүү оңой) Кыргыз Республикасындагы сот тарабынан күнөөлүү деп табуу үчүн прокуратура органдары далилдерди бурмалагандыгы тууралуу айтылган. Мен Улуу Британиянын сотунда өткөн Шон Дейлинин иши жөнүндө айтып жатам. Баса, мен дагы, үй-бүлө мүчөлөрүм дагы жашырынбай, сотко келип, тийиштүү түрдө катыштык. 2010-жылдын апрелинен баштап БУУнун же башка бирөөнүн колдоосу астында көз карандысыз иликтөө жүргүзүү жөнүндө айтып келе жатам, бирок мунун эч кимге кереги жок жана буга эмне себеп экени түшүнүктүү”, - деди Курманбек Салиевич.

Анын айтымында, ал жана анын туугандары Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондунан каражаттарды уурдаган деп кайрадан айыпталууда.

“Бирок, белгилүү болгондой, бул акчаны 2010-жылдын 7-апрелине чейин эч ким уурдаган эмес. Дагы бир жолу, сиздерден, мисалы, эл аралык кылмыш сотун, Гаага трибуналын же Европа Кеңешинин адам укуктары боюнча юрисдикциясын таанууну суранам. Мен аларды же мени күнөөлөгөндөрдү ошол жерге биринчи болуп же биринчилерден болуп чакырат болчумун. Мындан тышкары, эгерде Беларус Республикасында соттук териштирүүнү өткөрүүнүн укуктук механизми болсо - бардыгы тең укуктарга, бардык мыйзамдык каражаттарга жете турган чыныгы, ачык, түз эфирдеги көзкарандысыз сот болсо, күбөлөргө, адвокаттарга эч кандай кысым көрсөтүлбөсө, анда бул процессте алардын бардык жасалма иштеринде өзүмдү соттолуучу катары катыштырууну суранмакмын. Алар менин сөздөрүмдү кайсы бир сотко расмий чакыруу катары кабыл алса болот. Эгерде көз карандысыз сот мени күнөөлүү деп тапса, анда мен түрмөгө өзүм барам. Алардын күч колдонуусуна дагы кажет жок”, - деп баса белгиледи мурдагы президент.

Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондунан акча уурдоого аталган фонддун башчысы Алексей Елисеевди дагы күнөөлөшкөн. Бирок, ал 2011-жылдын мартында Өнүктүрүү фондунун башкы директору болуп иштеп турган учурда ал ушул мамлекеттик уюмга тапшырылган россиялык насыянын каражатын сактап гана калбастан, Кыргызстан үчүн 2, 5 миллион доллар киреше таап, которгон. Мындан сырткары, Россия Федерациясынын насыя пайыздарын да төлөгөнүн билдирген.

Кыргыз Республикасынын бир да мамлекеттик структурасы Алексей Елисеевдин бул маалыматтарын четке кага алган эмес. 

Эске сала кетсек, буга чейин Башкы прокуратура тарабынан Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына карата козголгон көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыш иштеринде, анын ичинде 2010-жылдын 7-апрель окуясында, адам өлтүрүү, коррупция жана бирөөнүн менчигин рейдерлик жол менен басып алуу боюнча соттолгон. 2010-жылы 7-апрелдеги окуядан кийин Бакиевдер өлкөдөн чыгып кетишкен. 

Макала NazarNews маалымат агенттиги тарабынан кыргызчаланды.

Булак: NazarNews.org

Последние новости