www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын май айынын аягында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө 29 жаштагы жаран өзүнө карата укук бузуучулук фактысы жөнүндө маалымдаган. Ал жаран, Баткен облусунун тургуну, жакшы тааныш эмес адам, жардамсыз абалынан пайдаланып, кара күч колдонуп зордуктагандыгы тууралуу билдирген. Андан тышкары, зордуктаган адам болгон кыймыл-аракеттерин уюлдук телефон аркылуу менен тасмага тарткандыгы аныкталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

"Бул факты боюнча, Өкүлчүлүктүн жардамы менен шектүү болгон жаранды аныктап кармоого жана жоопкерчиликке тартууга багытталган чаралар көрүлгөн. Жабырлануучунун арызы Москва облусунун Норинск шаарынын аймакттык ИИМБнын кылмыштарды жана арыздарды каттоо журналына катталган. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, шектүү болгон жарандын инсандыгы тез аранын ичинде аныкталган, ал Жалал-Абад облусунун тургуну 1985-жылы туулган Т.А. аттуу Россия Федерациясынын жараны болуп табылды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгү “Ногинск” РФдин ИИМдин аймакттык бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-издөө чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында шектүү болгон жаран кармалып, Москва облусунун “Ногинск” РФдин ИИМдин аймакттык бөлүмүнө жеткирилген.   

Аталган факты боюнча, Москва облусу боюнча Россиянын Тергөө комитетинин Ногинск шаары боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Жазык кодексинин 131-беренесинин “б” пунктусунун 2-бөлүгүндө (өмүрүнө коркунуч келтирүү менен зордуктоо) каралган кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон. 

Азыркы учурда, зарыл болгон экспертизалар дайындалып тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, кармалган Т.А. атуу жаран Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости