www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда колдоо тапты. Мыйзамга 100 депутат “макул”, эки депутат “каршы” добуш берди.

Документте экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу маселеси каралган. Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Курманкул Зулушев парламентте мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча баяндама жасады.

- Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып, үч окууда өтүп калса кандай укук беребиз - силер чечесиздер. Бул мыйзам “экс-президент” макамы бар президенттерге жана келечекте экс-президент боло турган президенттерге толук иштеши керек. Бир адамдын кызыкчылыгына колдонулбай, баарына бирдей болушу керек- деди Зулушев.

Жыйында депутаттар мамлекеттик кызматта турган бардык адамдар кийин кылган иштери үчүн жооп бериши керек болорун, аларды мыйзам менен коргоо туура эмес экенин айтышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев жана “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости