www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттардын көпчүлүк добушу менен биринчи эле окууда "Экс-президенттердин кол тийбестиги" тууралуу мыйзамга  өзгөртүү-толуктоолорду киргизишти. Тиешелүү мыйзамга 102 депутат добуш берип, анын жүзү макулдугун берсе, эки депутат каршы чыкты. 

Буга чейин депутаттар өз ара аталган мыйзамды талкууга салышкан.

Өз учурунда КСДП партиясынан Ирина Карамушкина аталган мыйзамдын кабыл алынышы мамлекет башчыларынын ишине тоскоолдук жаратаарын белгиледи. Мындай учурда президенттер коррупция менен күрөшүүдө ага абдан дыкат мамиле жасап калышат, анткени алар мамлекеттик куугунтукка кабылат деп эсептейт.

Алтынбек Сулайманов дагы аталган мыйзамдын кабыл алынышын колдоду. Депутаттын пикиринде ар бир президент статусун жамынып эле калбастан, кылган иштерине жоопкерчилик алышы керек деп эсептейт. - Мыйзамды бузуп, ага эч кандай жооп бербей кетип калат, ал эми баарына биз жооп беришибиз керек болуп калат, - деди эл өкүлү.

Эске салсак, аталган мыйзам долбоору биринчи гана кароодон өттү.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости