www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир өлкөнүн бир президенти Акаев жалпы планетаны каптаган "Айтматов ааламынан" кадыр-барк талашкан. Мындай пикирин журналист Куттумидин Базаркулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Эл арасында айтылып жүргөн чындык чыркырабай ачыкка чыксын дедим. Быйыл дүйнөнү дүркүрөткөн аалам Чынгыз Айтматов тирүү болгондо 95 жашка чыкмак. Аны белгилөө алдында турабыз. Айтматов бала кезинен баштап кыйынчылыкты "жеңүүчү" аталат. Кыргыз бийлиги ага бут тосуудан кем калган эмес. Акаевди Айтматов алып келип президент кылды дегени менен Айтматовдун ааламын көрө албай көрпенделик кылган. Бир өлкөнүн бир президенти Акаев жалпы планетаны каптаган "Айтматов ааламынан" кадыр-барк талашкан. Анын кадырынан ашып түшөм деп ач көздүк кылып ичи тардык жолго түшкөн жери бар.
2003-жылы бүткүл дүйнө жүзү Чынгыз Айтматовдын 75-жылдыгын белгилеп, китептеринин котормолору жүздөгөн мамлекеттерде которулуп, илимий конференциялар, жыйындар, салтанаттуу кечелер, автографиялык-автордук кол коюу аземдери, кино-журналдар жарык көрүп жатса, Акаев тултуңдап-туталанып Кыргызстанда 75-жылдык юбилейин белгилебей койгон. Анын ордуна Майрам Акаеванын китебин чыгарып туруп алган. Аялынын кетебин асманга чыгарып, көккө көкөлөткөн. Азыр ал китептин дайны жок.
Дагы кыргыздын чыгаан, намыстуу киноматографисттер, кинорежиссёрлор чыгып, продюсер Таалай Бапанов башында туруп "Найман эненин көзү" тартылып, бет ачаар аземи 75-жылдык юбилейине арналган. Ошого да Акаевди аялы Майрамды ардактуу конок катары Чынгыз Айтматов өзү чакырса да келген эмес. Эми эмне болду аалам адамынан кадыр талашкан Акаев "качкын" аталды. Лекция окуйм дейт, аны уккусу келбеген студенттер чыкты. Сүрөттөрү өрттөлүп, тепселендиде калды.
Айтматов өзүнүн бийиктик ааламы менен Акаевге теңелген эмес, теңине алган жок. Биз Айтматовду дайыма көз алдыбызда көзү тирүүсүдөй тирилтип алып жүрөбүз. "Айтматов ааламы" ааламды кыдырып, кыргыздан чыккан "кыдыр ата" болуп жүрө берет. Улуу адамдардын назарына калбагыла!"- дейт Куттумидин Базаркулов.