www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик бийлиги Хорогдогу Ага Хан лицейин жапты. Маалыматка ылайык, лицей таланттуу балдар мектебине айланып, Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигине карайт.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү 30-июнда Хорог шаарындагы Ага Хан лицейин жаап, анын бардык мугалимдери менен кызматкерлери иштен алынганын жарыялашкан. Бул тууралуу 4-июлда “Озоди” радиосуна аталган окуу жайдын мурдагы окутуучулары билдиришти.

"Лицейде 120 мугалим эмгектенген. Анын карамагында эки бала бакча бар болчу. Лицей улутташтырылгандан кийин биз эле эмес, бала бакчанын кызматкерлери да жумушсуз калды", - деди Ага Хан лицейинин мурдагы мугалимдеринин бири.

Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү мекемелерин жабуу же кайра түзүү Тажикстандын президентине караштуу Билим берүү жана илим тармагын көзөмөлдөө агенттигинин компетенциясына кирет деп билдирди.

Хорогдогу Ага Хан лицейи 1998-жылы тажик президенти Эмомали Рахмон менен ханзаада Карим Ага Хан катышкан салтанатта ачылган. Лицейде 1200 окуучу билим алган. Окуу үч тилде - англис, тажик жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости