www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швеция полициясына Стокгольм жана Хельсингборг шаарларында диний китептерди, анын ичинде Куран жана Торыны өрттөө боюнча акцияларды өткөрүү боюнча үч өтүнүч түшкөн. Бул тууралуу SVT телеканалы билдирди.

Белгилей кетсек, 28-июнда, Швецияда Курман айттын биринчи күнүндө саясий ишмер Куранга бекон салып, андан соң аны менен кошо китепти өрттөп салган. Стокгольмдун борбордук мечитинин жанында болгон акция бүткүл дүйнөнү нааразы кылды. Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул окуяны динге ишенгендердин укугун уятсыздык менен бузуу деп атады. Ал эми Марокко Швециядагы элчисин белгисиз мөөнөткө чакыртып алууну чечти.

SVT билдиргендей, 50 жаштагы аял Куран өрттөлүүчү жаңы демонстрация өткөрүүгө«мүмкүн болушунча эртерээк уруксат берүүнү суранган. Анын айтымында, буга чейинки акцияга дүйнөлүк коомчулуктун реакциясы адилетсиз болгондуктан, ал жаңы демонстрация уюштурууну чечкен.

Ошол эле учурда Куранды өрттөө боюнча жаңы акциянын убактысы жана орду тактала элек, бирок ал Стокгольмдогу мечиттин жанында өтүшү керек деп болжолдонууда.

Өз кезегинде 30 жаштагы жаран 15-июлда Израил элчилигинин алдына Торы менен Библияны өрттөп жиберүү боюнча арыз жазган. Ал бул акция өткөн аптада Курандын өрттөлүшүнө жооп жана “сөз эркиндигинин символу” болушу керек деп эсептейт.

Ал эми 12-июлда Хельсингборгдун борборунда диний тексттердин өрттөлүшү боюнча петиция жеке адам тарабынан берилген.

Милиция арыздардын түшкөнүн тастыктап, алар каралып жатканын белгиледи. Укук коргоо органдары бул кайрылуулар кайсы бир динге каршы багытталган эмес, сөз эркиндигин ишке ашыруунун ажырагыс бөлүгү деп эсептейт.

Эске сала кетсек. 21-январда Стокгольмдогу Түркия элчилигинин алдында да макулдашылган нааразылык акциясы болуп, анда ашынга саясатчы Расмус Палудан Куранды өрттөгөн. Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Билстрем акцияга уруксат берилгенин, анткени сөз эркиндиги Швеция демократиясынын бир бөлүгү экенин түшүндүрдү. Түркия Швециянын НАТОго кирүүсүнө уруксат бербеген жалгыз өлкө бойдон калууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости