www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Паспорт чыры дагы көп адамдын тагдырына балта чабат. Кыргыз паспорту оң-солго устукан катары таратыла берип, бүт дүйнөгө ишенимсиз өнөктөш катары таанылдык. Кытайдын уйгур жарандарынан бир чыкканда 100 паспорт чыгат дегендин өзү эмне шумдук?
Кыргызстанда электрондук паспорт даярдоо боюнча чыр эки айдан бери уланып келет. Ал үчүн бланктарды сатып алуу боюнча тендерде литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңип чыккан иш боюнча УКМК «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Мамкаттоонун төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Ал эми Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаикова кызматтан кеткен эле. Тергөө Мамкаттоонун жетекчилери литвалык компаниянын өкүлдөрү менен мурдатан тааныш болуп, тендерде алардын таламын талашканын маалымдаган. Бул боюнча УКМКнын жетекчиси Идрис Кадыркулов парламентте маалымат берип, өлкөдө паспорт даярдоодо коррупциялык схема орун алганын билдирген.
Мына ушул ишке байланыштуу Аида Шаикова 2018-жылы 6-декабрда аны жана президенттин кеңешчиси Дастан Догоевди Идрис Кадыркулов Бишкектеги ресторандардын бирине чакырып, чет өлкөлүк ишкерлер менен тааныштырганын айтып: «Жолугушуунун жүрүшүндө ачык сураныч болгон эмес. Бирок жолугушууну Кадыркулов уюштуруп, европалык компаниянын өкүлдөрү менен кездештиргени факт. Ал компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанда өз бизнесин өнүктүрүү боюнча маселени талкуулоого даяр болгон. Бирок бул жолугушуунун кийинки тергөө иштери менен байланышы бары-жогун тастыктай албайм. Муну атайын коомдук же депутаттык комиссия териштирсин» – деп жебени Кадыркуловго багыттаган. Натыйжада, паспорт жаңжалына байланыштуу чырды иликтеп жаткан УКМКнын жетекчиси Идрис Кадыркуловдун өзүнүн аты аталып кызматтан кетти.
Азыр коомчулукта УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловдун отставкасы кызуу талкууда. Адилет сөздү айтышыбыз керек. Мундирин сактап, чыныгы офицердик кадамга барды. Албетте, Шаикованын айткандары аныкталып, кайсы бир чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргогону ачыкка чыкса бул иштин аягы отставка менен эле токтоп калбай, мыйзамда так көргөзүлгөн кылмыш жоопкерчилигин да тартыш керек. Бирок азыр териштирүү иштери жүрүп жаткандыктан бир беткей бүтүм чыгаруу эртелик кылат. Арийне, Идрис Кадыркулов саясаттан оолак, өмүр бою коопсуздук тармагында келе жаткан, бардык тепкичти басып өткөн офицер эле. Анын бул кызматка келишине президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин эмгеги зор. Анткени Кадыркуловдор династиясына Дыйканбаев бир тууган күйөө бала болот. Ошентсе да Идрис Кадыркулов буга чейин репутациясы таза, региондордо иштеген, кландык саясаттан алыс, Ак үйдөгү группировкалардан өзүн оолак кармаган фигура болчу. Тилекке каршы, көпкө отура албады.
Бир нерсени так айтып коелу. Кадыркуловдун ордун самап келген регионалдык күчтөр жана президентке таасир этүүчү чөйрө УКМК башчысын алып түштү. Барып-барып бул көрүнүш президенттин өзүнө коркунуч жаратат…
Алмаз Темирбек уулу
Булак: «Фабула»