www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Северэлектро» ААКнын Кант райондук электр тармактарындагы (РЭТ) электр куроочулар үчүн бейшемби күндүн кечи, 4-апрель, тынчсыз өттү. Бул тууралуу маалыматты  NazarNewsка "Түндүк электр" ААК басма сөз кызматы билдирди.

Саат 19:50 дө жогорку вольттогу “Туз” көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр чубалгысы авариялык түрдө өчүрүлгөн. Анын натыйжасында Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон, Ленинское айылдарынын тургундары электр энергиясыз калышкан. Белгилүү болгондой, Сары-Жон айылындагы айдоо жерден тартылган аба электр чубалгынын жанынан белгисиз адамдар куурайларды өрттөгөн. Бул электр энергиянын өчүрүлүшүнө себеп болгон. Күчтүү жалын чубалгыны ээритип, үзүлүүсүнө алып келди. Жалпысынан 150 метр аба электр чубалгысы жарактан чыккан. Учурда «Северэлектро» ААКнын Кант РЭТтеги электр куроочулардын оперативдүү-чыгуу бригадасы жабыркаган чубалгыларды калыбына келтирүүдө.

Кант РЭТнин башкы инженери Максат Дүйшекеевдин айтымында, бул окуя боюнча РЭТтин, Ысык-Ата райондук акимиаттын жана Логвиненко айыл-өкмөтүнүн өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлдү.

“Күйүүлөр узун камыштарды өрттөгөн тургундардын күнөөсүнөн болот. Ылдыйдан күйгөн өрттүн кесепетинен аба электр чубалгы трассасында катталган өчүрүүлөр Ысык-Ата районуна караштуу Туз, Биринчи Май, Новопокровка айыл өкмөтүнүн аймагында чанда эмес. Аба электр чубалгыларынын трассасындагы ылдыйдан күйгөн өрт, негизнен жылдын жаз мезгилинде калктын куураган бадалдарды, түшкөн жалбырактарды, камыш жана чөптөрдү өрттөөдөн келип чыгат. Жыл сайын биз тараптан жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жетекчилигине билдирүү кат жөнөтүлөт. Мындан сырткары, биз айыл жыйындарында тургундарга энергообъекттерге жакын куурайларды күйгүзүү коопту экенин эскертебиз”, -деп М. Дүйшекеев билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости