www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Азыркы президент менен деле губернатор болуп кесиптеш катары иштешип калдыңыз.  Муну дагы жакшы билесиз. Анын сабырдуулугу, токтоолугу, Атамбаевге окшоп ар кандай сөздөрдү урдура бербегини ал үчүн ийгилик болуп жатабы?

--Сооронбайдын жеке өзү ар кандай сөздөрдү айтып чыкканын укканым жок. Аны менен чогуу иштедик. Токтоо, сабырдуу, оор басырыктуу жигит. Экөөбүздүн саламыбыз деле түз. Жок жерден каралай турган адатым да жок. Сооронбайдын сабырдуу болуп жатканы өзүнө плюс болуп жатат. Жанында жүргөндөрдү дагы “Сүйлөй берсин, силер көңүл бурбай иштей бергиле” деп койгондо, Алмаз андан бетер күйөт болчу. Мен билген Сооронбай жаман катынча айтышууга барбайт. Анын мүнөзү ошондой. Азыр анын мойнунда эл берген ишенимди актоо турат. Шайлоо учурунда айткан убадаларын ишке ашырышы керек. Аларды ишке ашырбаса кыйын болот. Өткөн жылы аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялады эле, Өкмөт бул боюнча жарытылуу иш алып барбады. Улак чаптык, ыр кесе өткөрдүк, топ тептик, ошону менен бүттү. Жаңы жылдын биринчи кварталы бүттү, Өкмөт бир жолу отчёт берген жок.

--Отчёт бербей күн өткөргөн системаны Атамбаев баштабады беле. Өкмөт башчы, андан кийин президент болуп бир да жолу отчёт бербей кетпедиби?

--Алмаздын бир мүнөзү бар экен да. 7 жыл Акаев менен Бакиевди жамандап жүрүп убакыт өткөрдү. Эми муну жамандай баштады. Адат калбай турган нерсе да.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости