www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күзөтчү бир бөтөлкө арак үчүн жаранды башка аткан

Адам өлтүрүүгө шектелип Омск облусунун тургуну кармалды. Ал киши жол жээгиндеги дүкөндө күзөтчү болуп иштеген. Ал арак жана тамак уурдаган кардарга ок чыгарган. Келген адам алган жаракатынан улам көз жумган.

Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Омск облусу боюнча Тергөө башкармалыгынан кабарлашкандай, жаңжал 20-мартта Омск-Тюмень унаа жолунундагы, кафенин жанында болгон. Тергөөчүлөрдүн айтымында, 48 жаштагы күзөтчү жаңжал учурунда дүкөнгө келген адамды аңчылык мылтыгы менен башынан атып салган.

Алардын ортосундагы чыр кардардын мас абалында болгондуктан жана кафенин кызматкерлери менен уруша баштагандан улам келип, директорду чакырууну талап кылган. Андан кийин ал спирт ичимдиктерин жана тамак-ашты уурдаган. Октон жаракат алган адам ооруканада көз жумган. Ал облустун Тюкалин районундагы Октябрь айылынын тургуну болгон.

Ал буга чейин бандитизм жана укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүүгө аракет жасоо боюнча соттолгон. Ал адам 20 жылын темир тор артында өткөрүп, төрт жыл мурун эркиндикке чыккан. Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости