www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кытайдын Ухань шаарында COVID-19дун пайда болушун иликтеп жаткан адистери SARS-CoV-2 коронавирусунун жайылышына өлкөдөгү жапайы жаныбарлардын сатылышы себеп болушу мүмкүндүгүн божомолдоду. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды.
Эл аралык уюмдун эксперттер тобу 14-январдан тарта кытайлык адистер менен биргеликте коронавирустун келип чыгышы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзө баштаган.
ДССУ адистери вирустун келип чыгышы жөнүндө төрт негизги гипотезаны иштеп чыгышканы маалымдалды. COVID-19 Ухандагы деңиз азыктарын саткан "Хуанань" базарына жарганаттар аркылуу келген деген версия чындыкка туура келбеши мүмкүн. Мындан тышкары, изилдөөчүлөр коронавирус лабораторияда атайын жасалып таратылган деген жагдай дагы күмөн жаратарын белгилешкен. Ошондой эле оору тамак ашка түшүп кеткен вирустан жайылган деген маалымат айтылып жатканын билдиришкен.
Адистердин пикиринде, ишенимдүүрөөк версиялардын бири катары Ухань шаарындагы "Хуанань" деңиз азыктарын саткан базарындагы жапайы жаныбарлардын сатылышы каралууда.
ДССУнун эксперттик тобунун курамына кирген сиднейлик микробиолог Доминик Дуайер вирус базарга же ага жакын жерде сатылган оорулуу жаныбар аркылуу тараган болушу мүмкүндүгүн белгилеген.
Адистер базарды коронавирус чыккан эмес, тараган жер катары түшүнүү керектигин кошумчалашкан.
Булак: NazarNews.kg