www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоо октябрдын аягында болот. Бул тууралуу кечээ, 12-июлда NazarNews маалымат агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

--“Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ “Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун Конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташтырып оңдоп чыкты. Парламенттин кароосуна жиберилген Шайлоо жөнүндө мыйзам долбоорунда 35 депутатты бир мандаттуу шайлоо округдарында можаритардык тутум боюнча, калган 55 депутатты партиялык тизме менен пропорционалдык системага ылайык шайлоо каралган.

Парламенттик шайлоонун жол-жобосу белгилүү болгону менен, качан өтөрү билине элек. Ал эми парламенттик шайлоо ушул жылдын октябрь айынын аягына белгиленет. Азырынча так күнү коюла элек”, - дейт төрайым. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости