www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузия парламенти 12-июлда жыйын өткөрүп жаткан маалда оппозициячыл журналисттер жана жарандык активисттердин лидерлери кирип келип, отурум үзгүлтүккө учурады. “Кавказ жаңырыгы” билдиргендей, алар менен “Грузин кыялы” партиясынын депутаттарынын ортосунда мушташ чыкты.

"Новости-Грузия" басылмасы жазгандай, андан мурун өткөн ири акцияда журналистер өкмөттүн отставкасын талап кылышкан. Алар парламенттин күзөтүнө моюн бербей, имаратка кирип келишкен.

Имаратка кире бериште бир нече уруш орун алып, "Пирвели" телеканалынын негиздөөчүсү Вато Церетели жабыркады, оппозициячыл депутат Гиоргий Вашадзенин күрмөсүн айрып кетишти.

"Оппозиция кандай гана ыкма болбосун чагым жаратууга аракет жасоодо. Бул адепсиз аракет, аларга тиешелүү чара көрүлөт", – деди "Грузин кыялы" партиясынын өкүлү Ираклий Кобахидзе.

"Пирвели" телеканалында иштеген 37 жаштагы Лашкарава 5-июлда сексуалдык азчылыктардын жүрүшүнө каршы чыккандардын ур-токмогуна кабылып, бир нече күн өткөн соң көз жумган.

ЛГБТ коомчулугунун укуктарын коргоо боюнча жүрүшкө чыккандарга жана аны чагылдырып жүргөн маалымат каражаттарынын кызматкерлерине оңчул радикалдар кол салышкан. Анда 50гө жакын журналист жана операторлор сабалган болчу. Бул учурунда полиция кызматкерлери ызы-чууга кийлигишпей, сырттан карап турушкан.

Кырдаалга Грузиядагы оппозиция жана жарандык коом өкүлдөрү бийликтин жоопкерчилиги бар экенин айтышып, премьер-министрдин кыска убакыт ичинде кызматтан кетишин талап кылууда.

Телеоператордун өлүмүн “трагедия” деп атаган премьер-министр Гарибашвили “соңку кырдаалды айрым күчтөр өз кызыкчылыгы үчүн колдонууга аракет кылып жатат” деп билдирди

Булак: NazarNews.kg

Последние новости