www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай элчилиги: Эмдөө боюнча Кыргызстанга талап койгон жокпуз

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги "Кытай тарап Кыргызстандын калкынын 70%и эмделгенден кийин чек арадан өткөн жүк ташуучу унаалардын саны көбөйтөт" деген талап койбогонун билдирди.

Элчилик 12-июлда өзүнүн интернет баракчасына: "Улуттун саламаттыгы - баарынан өйдө турат. Кытай тарап эл аралык мамиле принциптерин сыйлап, башка өлкөнүн ички ишине кийлигишпейт. Бөтөн өлкөнүн калкын эмдөө тууралуу эч кандай талап койбойт. Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басарынын Жогорку Кеңеште "кытай-кыргыз чек ара бекеттеринен жүк ташуучу унааларды Кыргызстандын элинин 70%и эмделмейин көбөйтпөйт" деп айтканы чындыкка дал келбейт", - деген билдирүү таратты.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашев Кыргызстан менен Кытайдын чек ара бекеттеринен күнүгө 30-35 гана автоунаа өткөрүлүп жатканын 12-июлда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирген.

“Кытай менен сүйлөшүүдө алар Кыргызстанда калктын 70% эмделиши (ред: коронавируска каршы) керек деген маселени коюп атышат”, - деген Мукашев. 

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында негизги кыймыл “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттеринде болот.

11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1,2 миллион доза Sinopharm вакцинасы келди. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кытайдан июль айынын аягына чейин дагы 1,2 миллион доза вакцина келерин кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости