www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө төңкөрүш кылуу оңой! Бирок өзгөрүш жасоо алда канча кыйын! Мындай пикирин тарыхчы Кыяз Молдокасымов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Өлкөдө өзгөрүш болбой үч жолу төңкөрүш болду.

Ар бир төңкөрүштөн кийин эл өзгөрүштү күтөт. Бир жыл, үч жыл, беш жыл күтөт. Өзгөрүш болбосо төңкөрүшкө даярдана баштайт. Барган сайын төңкөрүштүн аралыгы жакындап барат. Биринчи төңкөрүштөн кийин өзгөрүш болобу деп беш жыл күттү. Болбоду эле төңкөрүш болду. Андан кийин үч жыл күттү. Үмүтү үзүлүп кайра үч жылдан кийин төңкөрүш болду.

Эми үмүттүн төңкөрүшүнөн кийин эл кайрадан өзгөрүүнү чыдамсыздык менен күтө баштады. Берген убадалар жаман эмес. Ошол эле учурда кооптондурган жагдайлар да бар. Анткени ар бир төңкөрүштөн кийин Ажонун жандоочулары кимдер? Жандоочулары кийик аттырган мыктыларбы же эт менен челдин ортосундагы эски былыктарбы? - деген суроо жан дүйнөмдү эзе берет. Эгер реформаторлор ээлебей токумун жеген уурулар ээлесе анда иштин бүткөнү, үмүттүн үзүлгөнү!

Төңкөрүштөрдөн кийин мээмди эзген ушул суроолор маземди алат. Азыр да анализдеп жаткан учурум. Октябрда ойрон болгон бийликке да ушуларды айткам. А түгүл айрымдарына өзгөрүштү баштабасаңар төңкөрүш болот деп эскерткем! Өлкөнү өзгөртө албай акыры ойрон болду!

Эми Садыр Нургожо уулу ээрге бекем отурду. Эл чыдамсыздык менен күткөн өзгөрүүнү батыл баштоого мүмкүндүк алды. Бирок менин талдоомдо айланасындагы азыркы мыктылары өлкөнү түп тамырынан бери өзгөртчү реформага даяр эместей сезилет. Ал гана эмес эскини эңсегендер, ага жетелегендер басымдуу кылабы деп кооптоном.

Өлкөдө төңкөрүш кылуу оңой! Бирок өзгөрүш жасоо алда канча кыйын! Өзгөчө айланасында реформаторлор аз болуп, крахоборлор көп болгон учурда жүз эсе кыйын болоорун эски бийликтен улам көрбөдүкпү!», - деп кошумчалаган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости