www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2021-жылдын 27-февраль күнү саат 06:40 чамасында, Кара-Суу шаарынын жашоочусу 55 жаштагы Т. У (аял киши) миздүү нерседен денесинен жарат алып Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилген. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган маалымат, 2021-жылдын 27-февралында Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүүгө алынган.Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөндөгүлөр аныкталган: 2021-жылдын 27-февраль күнү саат 05:00 чамасында белгисиз эки атуул беттерине чүмбөттөрүн кийип алышып, Кара-Суу шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги турак үйүнө мыйзамсыз киришип, турак үйдүн бөлмөсүндө эс алып жаткан Т. Уну өздөрү менен бирге алып келишкен, жыгач таяк менен башына уруп, андан кийин бычак сайып, бөлмөдө турган темир сейфти көтөрүп чыгышып, окуя болгон жерден издерин жашырып качып кетишкен.
Натыйжада, У.Т Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилген жана жандандыруу бөлүмүндө жеткирилгенден үч сааттан кийин каза болгон. Бул факты боюнча 2021-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын ЖКнын 130-бер. 2-бөл. 14-п. көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүштөгү жазык иши катталып, тергөө амалдары башталган.
Ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, кылмыштын изи сууй электе аталган кылмышка шектелишкен Кара-Суу шаарынын Крылова жашоочусу 20 жаштагы А. уулу А жана Кара-Суу шаарынын жашоочусу К. А экендиктери аныкталып, Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан тергөө кызматына камсыздалышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш иш боюнча, А. уулу А жашаган Кара-Суу шаарынын көчөсүнүн биринде жайгашкан турак үйүнөн 1 даана темир сейф ачылбаган абалда, 1 даана бычак, 1 даана жыгач таяк жана бет чүмбөттөр табылып алуу жүргүзүлгөн.
Мындан сырткары окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп тийиштүү материалдар топтолгон. Ал эми каза болгон У.Тга карата соттук-медициналык, алынган буюмдарга соттук-криминалистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.
Азыркы күндө тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg