www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыштын чакырыктарына азгырылып, кыргыздын баалуулуктарын унутуп баратабыз. Мындай пикирди коомдук ишмер, белгилүү саясатчы Дастан Сарыгулов NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--“Батыштын чакырыктарына азгырылып, кыргыздын баалуулуктарын унутуп баратабыз. Мына кыргыз үй-бүлөлөрү бала трабиялоодо ката кетирип жатышат. Мисалы, келечек муундар сыналгыдан батыштын же башка мамлекеттердин кымбат баага тартылган тасмаларын, оюндарын  көрүп чоңоюп жатышат. Ал эми биздин комуз, калпак сыяктуу улуттук буюмдар тууралуу эч нерсе билишпейт. Каада-салт, үрп-адаттар четте калды. Азыркы балдар кыргыздын улуттук оюндары, мурастары жана ата-бабалары тууралуу тасмаларды көрүшпөйт. Ошондой эле, ушул заманга алып келген баатыр ата-бабаларыбыз тууралуу жазылган китептерди окушпайт. Бул мени абдан өкүндүрөт. Азыр ушундай жол менен кете берсек, кыргыз эли унутта калып кетеби деген ой жемелейт”, - дейт Сарыгулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости