www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртерээк дарыланып, батыраак сакайып Мекениме кайтып келип баштаган күрөшүдү улантам деп четке кетти. Мындай пикирин тарыхчы Кыяз Молдокасымов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Ордо оюндары Камчыкенин жүрөгүн ооруттубу?

Камчыкени негедир Нүзүпкө көбүрөөк окшоштуруп жатам. Ордодон алыс кезинде эскилер андан оолак болгонго аракет кылышчу. Мекенчил ураанын көтөрүп чыкканда ага мыйыгынан күлүшүп, кантип эле деп ишенбей четтеп турушчу. Акыры таскагы катуу чыгып, чечкиндүү аракеттери менен Камчыке ордодо чечүүчү адамга айланды. Андан алыстагандар кайрадан жакындай баштады. Ал гана эмес эскилер маска-терилерин алмаштырып, мурдагыдай эле ордого жуткунушуп, чечүүчү кызматтарды ээлеп, ээрге отурган соң эсиришип, Камчыкени ордодон алыстатып, таасирин азайтууга болгон аракеттерин жасоого киришкендей сезилүүдө. Жүзүн дароо өзгөртүшкөн эскилердин мындай кылыктары Камчыкенин жигиттик принциптерине туура келбей, жүрөгүнө оор тийип оорутту шекилдүү.

Эртерээк дарыланып, батыраак сакайып Мекениме кайтып келип баштаган күрөшүмдү улантам деп четке кетти. Бирок, ордодо Нүзүптөй зор таасирге ээ Камчыкени каралоо токтомок тургай күндөн-күнгө күч алгандай болууда. Ордонун миң түрлүү оюндарын мыкты өздөштүргөн, Президенттердин бири кетсе экинчисинин этегине ач кенедей жармашкан, дароо терилерин алмаштырып, мекенчилдердин терисин жамынышкан эскилер Камчыкеге чабуулун ооруп жатса да токтотчудай түрү жок. Ордо күрөшүн оюнчулар күчөтө берип ойрон болуп калбасак эле болду.

Эң башкысы Камчыкенин кыяматтык досу Садыр Нургожо уулуна күч кубат, майтарылбаган эрк, жолунан адаштырбаган даанышмандык, ийилсе да сынбас акыйкаттык каалайбыз!», - деп белгилеген профессор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости