www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекет башчы жеңил ойлуу болуп, популистик репликаны туш келди айта бергени жарабайт. Бул тууралуу пикирин Сабырбек Муканбетов өзүнүн пикирин социалдык баракчасына жазып чыкты.
--Эл башынын бир эле сөзүнөн эл ширелип, бир эле сөзүнөн чилче тарап кетүү башталат.
-Каалаган сүрөтүңөрдү илип алгыла, мен татыктуу эмесмин - дегенсигени кандай?
Эми кандай болоор экен, ошондо? Тиягы Искак Разаковду илип, биягы Жусуп Абдырахмановду илип накта трайбалистик маанай күч албас бекен? Мындай болбойт туугандар.
Жалпыбыз бирдей кабыл алган Манас атанын сүрөтү илинсин же Бегаалы Наргозуев айткандай биринчи президент Абдыкадыр Орозбековдун сүрөтүн илишсин. Айтор чар жайыт болбой баары бир адамга токтолуп, бир адамдын сүрөтүн илиниши керек! – дейт Муканбектов.
Булак: NazarNews.kg