www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткара турган Эрмек Нургазиев аялга кол көтөргөн окуя боюнча комментарий берди.
Ал аял курулуш компанияларынын биринин юристи болгонун белгиледи.
--"Бишкекте кредит берген өзүнчө топ бар, эгер төлөө мөөнөтүн бир аз кечиктирсе, үйүн алып коюп, ушул сыяктуу алдамчылык менен алектенишет. Ал аял ушул фирманын юристи болот. Ал биздин үлүшчүлөрдүн жыйыны өтүп жаткан жерге келип, сүйлөшүп жаткан учурда кокусунан мени чаап ийген. Мен да күтүүсүз жерден ага жооп катары чапкам. Муну телефонуна тартып алышкан экен", - деди Нургазиев.
Ошондой эле ал аял милицияга арыз жазганын, бирок жыйында отурган 30 үлүшчү аял биринчи урганын тастыктап берип, иш жабылганын билдирди. Бирок иш токтотулгандан кийин да ал даттанып келе жатканын билдирди.
Андан соң журналисттер "эгер мэрияга дагы бир адам ачуусу менен келсе, жинденип кайра дагы чаап ийбейсизби?" деп сурашты.
Анда ал окуя өзү үчүн күтүүсүз болгонун, мындай көрүнүш кайра кайталанбашын убадалады.
Булак: NazarNews.kg