www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таланттуу жетекчи, жөндөмдүү уюштуруучу жана күчтүү саясатчы Төрөгелди Балтагулов 46 жашында сырдуу каза болуп, кыргызстандыктарды ыйлаткан. Төмөндө профессор Ишенгүл Бол журованын жеке архивинен алынган, өз мезгилинде калдайган кыргыз калкына опол тоодой эмгеги сиңген Балтагуловго арналган Үсөнбек ДАЙЫРБЕКОВдун калемине таандык макаланы окурмандарга сунуштайбыз.
Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет
Эл тагдыры менен эр тагдыры окшош болот окшобойбу. Элге кел-кел келгенде жери түшүмдүү, малы төлдүү, уул-кызы күйүмдүү болуп, жеңилин жерден, оорун колдон алып, намысын көтөрөт. Эрге кел-кел келгенде жолу ачылып, тилегени тап болуп, тилегенден көп болуп аты чыгат. Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, таланттуу ишмери Төрөгелди Балтагуловичтин өмүр жолу кыргыз элинин бай тарыхы менен ажырагыс байланышта болгонун байкоо кыйын эмес.
Ал жарык дүйнөгө 1920-жылы май айында Ала-Бука районундагы Кош-Алмурут айылында келген. Ошол мезгилдерде кыргыз элине революция деген жаңы сөз тарап, "Эркиндик", "Тендик" деген керемет түшүнүктөр элдин ой-сезимин дүүлүктүрүп, келечек жомоктогудай шумдук сонун элестен турган мезгил эле.
Төрөгелди Балтагуловичтин балалыгы мына ошондой көтөрүңкү маанайда, жаңыны эңсеген революциялык духта өткөн. Эл ичинде коммунисттик идеялар абдан күчтүү болуп, элдин мыкты уулдары ошол идеяларды ишке ашыруу үчүн баш оту менен киришип, керек болсо кан жанын аябаган улуу ишеним бар болчу. Ошол улуу ишеним дасторкондун үстүндө эле эмес, мектепте да балдар ойноп жүрүшкөн көчөдө да өкүм сүргөн укмуш мезгил эле. Төрөгелди Балтагуловичтин мүнөзүндөгүдөй темирдей эрки, өмүрүндө эки айтып, эки сүйлөбөй туруктуулугу, Тоо булагындай тазалыгы жана элдин кызыкчылыгы үчүн эч нерседен тартынбаган чексиз сүйүүсү ошол өзү жашаган доордун ушул ишенимдин өзүнө сиңире билгенинен болсо керек.
Төрөгелди Балтагулович өзүнүн мектепке барган биринчи күндөрдөн баштап эле өзүнүн сезимталдыгы жана өтө зирек тунук акылы менен мугалимдерди таң калтырган. Ушундай жөндөмүнө жараша тырышчаактыгы, беттегенин бербеген өжөр эмгекчилдиги анын келечеги бар окуучу экенин айгинелеп, аны мугалимдери 1934-жылы Караван районунун (азыркы Аксы) Успеновка кыштагындагы комсомол жаштарды даярдоочу 7 жылдык мектеп интернатка жөнөтүшкөн. Ал жерде 1 жыл окуп, кийинки жылы Караван айылындагы Таш-Дөбө айылындагы жети жылдык мектебин ийгиликтүү аяктайт. 1937-жылы Фрунзе шаарындагы мугалимдерди даярдоочу институтка келип, аны 1939-жылы артыкчылык диплому менен бүтүрүп чыгат.
Бийиктикке умтулган тоолук шумкар
Ар бир мезгилдин, доордун өз идеологиясы болот тура да ошол идеяга чындап берилген аны ишке ашыруу үчүн пейили менен аракет кылган уулдары чыгат. Партиялык жогорку мектепти бүтүргөндө Төрөгелди Балтагулович чындап эле коммунизмдин бейиштей келечегине ишенген, анын турмушка ашпас утопия экенине кымындай да шектенбеген чыныгы коммунист болуучу. Ошол бекем ишеним аны алга жетелеп, турмушка ачык жүз, ак пейил менен кароого үйрөткөн. 1951-жылы күзүндө Ош обкомуна идеология боюнча катчы болуп иштегенде мектептен алган билимин иш жүзүнө колдонууга шарт түзүлгөн.
Андан соң ушул областтын аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланат. 1956-жылы Жалал-Абад обкомунун биринчи катчысы болуп дайындалат. Эл көзүнө көрүнүп, жетекчи катары калыптана баштайт. Натыйжада ушул жылдардын ичинде СССР Жогорку Советинин Улуттар Советине депутат болуп шайланат. 1958-жылы Жалал-Абад жана Ош облусу биригип, Ош облусу болуп калат да Төрөгелди Балтагулович жаңы облустун аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеп калат.
Ал эми обкомдун биринчи катчысы болуп Медербек Абдыгулов дайындалат. Эки облустун биригиши көптөгөн түйшүктөрдү пайда кылып, тез арада чечүүчү чараларды көрүүнү талап кылат. Чарбадагы ар кандай талаш маселелерди чечүүдө Төрөгелди Балтагуловичтин жөндөм шыгы ачык көрүнүп, обкомдун биринчи катчысы Медербек Абдыгуловго караганда иш билгилиги, чечкиндүүлүгү, уюштуруучулугу жогору экени байкалат.
1959-жылы Ош обкомунун партиялык конференциясы болуп, Кыргызстан КПнын борбордук комитетинин биринчи катчысы Раззаков Исхак Раззакович өзү келип катышат. Конференциянын күн тартибине коюлган маселелер каралып бүтүп калган кезде күтүүсүздөн депутаттар өздөрүнүн биринчи катчысы Медербек Абдыгуловду катуу сынга алышат. Биринин артынан чыгып сүйлөгөн депутаттар анын айыл чарбасын жакшы түшүнбөгөндүгүн, турмуштук башка маанилүү маселелерде да чабал экендигин белгилешип, чарбаны мыкты билген, элди уюштура да, жетектей да алган Төрөгелди Балтагуловичди шайлап берүүнү өтүнүшөт.
Мындай окуялар эч жерде мурда болбогон. Бирок Раззаков Исхак Раззакович кысталышта жол таба билген, кандай шарттан болсо да туура чыга билген жетекчи экени белгилүү эмеспи. Чуулдаган элди тынчытып, тыныгуу жарыялайт. Тыныгуу убагында Исхак Раззакович Усубалиевге телефон чалып, иштин жайын түшүндүрөт.
Ал кезде мындай иштер Москвасыз чечилбегендиктен Усубалиев Москва менен акылдашса, алар Балтагуловдун бул кызматка иштешине макулдук беришет. Ошентип Кыргызстан тарыхын да депутаттар өздөрүнүн демилгеси менен биринчи катчыны алмаштырууга жетишишет да Төрөгелди Балтагулович ошол конференцияда КП БКнын Ош областык обкомунун биринчи катчысы болуп шайланат. Ошол эле жылы экинчи ирет СССР Жогорку Советинин Союз кеңешине депутат болот. Чоң облустун жооптуу ишинде ийгиликтүү иштеп, облустун экономикасын көтөрүүдө, анын маданиятын жакшыртууда өзүнүн уюштуруучулук талантын дагы бир ирет ачык көргөзөт. Республиканын аны-муну байкай билген инсандары, саясатчылары Төрөгелди Балтагуловичтен мамлекеттик деңгээлдеги чоң саясий ишмердин өсүп жетилгенин көрүшүп, аны мамлекет башчылыгына ылайык деген пикирлер пайда боло баштайт.
Улуу муундагылардын айтымына караганда, 1961-жылы Раззаков Исхак Раззаковичтин ачык асманы бүркөлүп, келкели кете баштайт. Баягы эле Москванын кабак кашына караган заман, баягы эле сөз ташымай, тоголок арыз жазмай, артынан суу куймай ит адат түбүнө жетип, кыргыз элинин мыкты уулу Исхак Раззаковичтин саясий жолу буулуп, бийлик дөөлөтү дөңгөлөнүп бараткан учур келет.
Ошол жылы анын ордуна эки талапкер: Төрөгелди Балтагулович менен Турдакун Усубалиев көрсөтүлгөн дешет. Экөөнү тең Москва чакырып аңгемелешүүдөн өткөрөт. Аңгемелешүүгө биринчи болуп Балтагулов кирип чыгат. Москвалыктар анын инсандык дөөлөтүнө, саясий түшүнүгүнүн тереңдигине баа беришет. Андан кийин Усубалиев кирип ал дагы сыноодон ийгиликтүү өтөт.
Жыйынтыгында канча кылса да чогуу иштешкен, экөөнүн тең сырын жакшы билген Раззаковдун өзүнөн сурайлы дешип, аны чакырышат. Кыргыз элинин эсинде Исхак Раззаков кара кылды как жарган калыс, өз кызыкчылыгынан эл кызыкчылыгын биринчи койгон адам катары белгилүү болгону бекеринен эмес экени ушул жерден даана көрүнөт.
Ал Балтагуловду айыл чарбасын жакшы түшүнгөн, партиялык структураны мыкты өздөштүргөн жана эл терең урматтаган адам катары билсе да, бир чети жакшы санаалаш курбусу, экинчиден жердеши болгондуктан ага тартып койду деген пенделик ойдон чочулап, Усубалиевди көрсөтөт. Андан көп өтпөй Раззаков иштен бошотулуп, ЦК КПССтин Титов деген сектор башчысы келип Кыргызстан КПсынын борбордук комитетинин биринчи катчылыгына Т.Усубалиевди шайлап кетет. Турдакун Усубалиев бийлик башына келгенден кийин республикадагы жетекчи кызматтарда жылыштыруу болгону мыйзам ченемдүү нерсе болуш керек. Төрөгелди Балтагулович Ош обкомунун Республикалык борборуна чакырылып, Кыргыз Республикасынын Профсоюздук Советинин төрагасы болуп шайланат. Ош обкомуна болсо биринчи катчы болуп Сүйүнбаев Акматбек Сүттүбаевич барат.
Кезегинде В.И.Ленин профсоюздар башкаруунун жана чарба жүргүзүүнүн, тарбиялоонун, коммунизмдин мектеби деп айткандай Төрөгелди Балтагулович бул кызматта иштеген учурунда көп нерсени үйрөндү, көп нерсеге жетишти. Жетекчи катары такшалып, инсан катары бир топ бийиктикке өстү. Япондордо эгерде адамдын ички күч-кубаты (айки) ашып-ташып турса алар ал анын сырткы сүрүнөн (кияй) көрүнүп турат деген түшүнүк бар. Бул турмуштун талашсыз чындыгы окшойт. Төрөгелди Балтагуловичтин турмуштук тажрыйбасы байып, элге жерге эмгеги сиңген сайын эл-журт аны өлкөнү башкарууга татыктуу жетекчи катары баалашып, эгерде Усубалиев кетсе ордуна Балтагулов болот деп божомолдой башташты. Ак эмгек кандай болгон күндө да бааланбай койбойт эмеспи. 1966-жылдын башында Балтагулов Кыргыз ССРинин Министрлер советинин төрагалыгына көрсөтүлүп, Москвага аңгемелешүүгө чакырылат. ВЦСПСтин төрагасы Гришинге барса, сенин маселеңди мен чечпейм деп ЦК КПССке өзү ээрчитип барат.
Борбордук комитетте аны Микоян менен кадрлар боюнча жетектөөчү катчы Козлов кабыл алат. Кыргыздын чыгаан уулу бул эки саясатчынын купулуна толуп, далайга чейин сүйлөшүп отурушат.
Ошондо Микоян Төрөгелди Балтагуловичтин далысын таптап:
- Тоо шумкары, бийик учушуңа тилектешмин! - деп макулдугун берген деген кеп бар.
Айлына кайрылып бара албады
Ошондо Москвага бараар алдында Төрөгелди Балтагулович Ала-Бука районунда жашаган бир тууган иниси Атамырзага телефон чалып, апасынын ал-жайын сурайт. Апасы бир аз сыркоолоп жүргөнүн айтат иниси. Апасын терең урматтаган Төрөгелди тынчсызданып, буюрса Москвадан келээрим менен Өзгөнгө барам. Мен барганча жакшылап көз салып тургула деп дайындайт. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, Төрөгелди Балтагулович ошол бойдон энесин көрбөй калды. Ал Москвага барып, Микоян менен Козловго жолугуп келгенден кийин Ала-Букага барууга даярданып жатканда Турдакун Усубалиев республикадагы чоң райондун бири Кочкорго барып айыл жана мал чарбасы боюнча абал менен таанышып, анан аларды көтөрүү боюнча тиешелүү кеп-кеңешин берип келүүсүн суранат. Анын үстүнө райондо партконференция болмок экен.
Балтагулов Кочкорго конференциядан эки күн мурун барат. Анткени апасы сыркоолоп жатат дегенди уккандан бери санаасы тынбай, тезирээк эле барсам деген ниетте жүргөн. Кочкорго барып келип эле айылына жөнөмөк. Кочкордо аны райондун экинчи катчысы Майрам Мамытова баш болгон топ жакшы тосуп алашат. Чарбаларды биринчи катчы, райкомдун төрагасы жана башка бюронун мүчөлөрү менен бирдикте кыдырып чыгышат. Ошо күнү кечинде конокко отурган жеринен Төрөгелди Балтагулович капысына катуу ооруп калат убагында ал жөнүндө ар кандай жоромолдор, имиштер көп айтылган. Иши кылып Бишкекке коңгуроо чалышып, тез жардам чакырышат да райондук тез жардамга салышып Бишкекке жөнөшөт. Республикалык атайын ооруканага жаткырышып, шашылыш операция жасала турган болот. Операцияны Фридман жана Соенко деген профессорлор жасашат. Мамбет Мамакеев ассистент катары катышат. Петросянец деген ошо кездеги саламаттыкты сактоо министри башында турган. Тилекке каршы ошончо профессор, министрлер башында турушуп, өлүм алдында алсыз экенин билдиришип үшкүрүнүп туруп беришкен.
Кийин табыттын жанында коштошуу учурунда Төрөгелди Балтагуловичтин бир тууган иниси Атамырза Иса Ахунбаевден:
- Иса Коноевич, сиз турганда эмне үчүн операцияны башкалар жасады? Сиздин колуңуздан кеткенде мынча арман кылбайт элем, - деп ыйлап сурайт.
- Мен Төкөнү операция кылууга колум барбады, анткени ал менин эң жакын көргөн кыйышпас досум эле, - деп Иса Коноевич арманын билгизе бармагын тиштеген экен.
Чагылгандай жарк эткен өмүр
Тагдырдын салганына айла жок экен. Төрөгелди Балтагуловичтин өмүрү жарк эткен чагылгандай кыска болсо да эл унуткус үзүрлүү болду. Өзүнүн эмгек жолун катардагы мугалимден баштап, жогорку мамлекеттик жана коомдук кызматтарге чейин жеткен ишмердин өмүр жолу кийинки муундар үчүн үлгү болоорлук. Анткени кыргыз мамлекетинин экономикасын жана руханий деңгээлинин көтөрүлүшүнө өзүнүн зор салымын кошконго үлгүрүптүр... Республиканын экономикасы ошол учурда жаңыдан бутуна турган баладай эле. Өнөр жайы жаңыдан түптөлүп, айыл-чарбасында болсо колхоз совхоздор түзүлүп, дың жерлер бузулуп, шаарлар жаңыдан курулуп, деги иш деген неме көп эле.
Төрөгелди Балтагуловичке оңдой берди болгон бир шарт ошол кезде өлкө башында турган Исхак Раззаков менен бирге иштешип калганы десек болот. Талаптуу жетекчи, жөндөмдүү уюштуруучу жана күчтүү саясатчы катары Раззаков Исхак Раззакович өзүнчө бир муунга таасирин тийгизген инсан болгон. Мына ушундай адамдар менен бирге иштешкен Төрөгелди Балтагулович да тез эле таанылып, көрүнүктүү ишмерге айланган.
Өзүңүз күбө болуңуз: 26 жашында Жалал-Абад комсомолдук обкомунун биринчи катчысы. 32 жашында партиянын Ош обкомунун катчысы, 35 жашында партиянын Жалал-Абад обкомунун биринчи катчысы, анан эл депутаттарынын Ош областык кеңешинин төрагасы, Ош обкомунун биринчи катчысы болуп иштеп, 42 жашында 1962-жылы 22-февралда профсоюздар кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Ал республиканын профсоюздарын жетектеп турган мезгилде бул уюмдун кадыр-баркы чоң болчу.
Төрөгелди Балтагулович бул жооптуу кызматта да өзүнө таандык берилгендик менен иштеп, бүт күчүн уюштуруучулук талантын жумшап республиканын жетекчилеринин укугун коргоого, алардын маданиятын өнүктүрүүгө, турмуш тиричилик жагдайынын жакшырышына, ден соолуктарын чыңдап, убагында эс алышына шарт түзүү үчүн баш оту менен киришкен. Ошол учурда өлкөнү КПСС өзүнүн темир чеңгээлинде катуу кармап, баардык нерсе анын көзөмөлү астында, анын көргөзмөсү аркылуу болуп тургандыктан, эмгекчилердин кызыкчылыгын коргоп, парттөбөлдөргө каяша айтуу опурталдуу болчу. Ошого карабастан шартка жараша жолун таба билип, өзүнүн принципиалдуулугу, кайратмандуулугунун аркасында Төрөгелди Балтагулович профсоюздардын ишин активдештирип, бул уюмдун аброюн көтөргөн. Кайсы жерде иштесе да дайыма макталып, кадыр-баркка, сый-урматка бөлөнүп жүрсө да бой көтөрүп кеткен эмес. Аны менен чогуу иштешкен көргөн-билген адамдар ага өтө карапайым адам, сылык-сыпаа мырза жана баарына тең караган калыс, мээримдүү жетекчи катары мүнөздөй беришет. Ишинин абдан көптүгүнө карабастан эл арасында болгонду, карапайым эмгекчилер менен сүйлөшүп, ал-абалдары менен жеринде өз көзү менен таанышып турганды жакшы көргөн.
Төрөгелди Балтагулович иштеп турган мезгилде Кыргызстан профсоюз уюмдары баштагыга караганда өз иштерин бир кыйла жандандырган. Ошол кездерде Кыргызстанда профсоюздардын 4099 фабрикалык заводдук курулуштук жумушчу жана жергиликтүү комитеттери шаардык жана райондук 149 комитеттери болгон. Буларга 500 миңге жакын профсоюз мүчөлөрү бириккен. Жүз миңден ашык профсоюздук активисттер коомдук башталышын негизинде иштешкен.
Мына ушундай зор күчтү жетектеген Төрөгелди Балтагуловичтин убагында Республикада 1 миллион 117 ми чарчы метр турак жай, көптөгөн миң бала окуй турган мектептер, жаңы ооруканалар, мектепке чейинки балдар тарбиялана турган мекемелер курулуп, пайдаланууга берилген. Социалисттик камсыздандыруу ишин да ал кезде профсоюздар башкарчу. Төрөгелди Балтагулович иштеген 2 жыл ичинде социалдык камсыздандыруунун суммасы 56 миллион сомго жетип, эмгекчилерди медициналык жактан тейлөө жакшырып дарылоочу мекемелердин тармактары кеңейген. Буга Кыргызстанда ошол кезде 1500 дарылоо мекемесинде 3 жарым миң врач жана 11 миң медициналык кызматкерлер иштегенин айтсак жетиштүү далил болоор.
Азыркы көгүлтүр көлүбүздүн жээктериндеги курорттордун, санаторийлердин көпчүлүгү ошол 1960-1970-жылдарда курулганы белгилүү. Мисалы, 1965-жылы Кыргызстандын курортунда 80 миң жумушчу жана кызматкерлер эс алышкан. Ошол жылы курортторду жана дем алуу үйлөрүн кеңейтүү үчүн Төрөгелди Балтагулович көп аракеттерди жаcaп, Чолпон-Ата дем алуу үйүн, Ысык-Ата жана Жалал-Абад курорттору кеңейтилген. Кыргызстандын туристтик базаларында бүткүл союздук туристтик маршруттар боюнча миңден ашык киши дем алып кетишкен.
Төрөгелди Балтагулович кыргыз элинин маданиятына, анын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ал иштеп турганда анын демилгеси менен көптөгөн клубдар, маданий жайлар, китепканалар, кызыл үйлөр курулган. Мисал келтирели: республика боюнча профсоюздардын 206 клубу жана маданият сарайлары, 197 киноустановкалар, фондусуна миллионго жакын даана китеби бар 166 китепкана, миңге жакын кызыл үйлөр иштеп, аларда 2320 хор, бий, драма, музыка жана башка кружоктору уюуштурулганын айтсак азыр бизге жомок айтып жаткансып угулат. Ошол кружоктор эле эмгекчилер жеринде бир жылда 8 миң концерт, спектакль коюлуп, аларды 3 миллиондон ашык киши көргөн. Мына ушул фактыларды, цифраларды окуп отуруп кайран гана заман, кайран гана кишилер деп суктанбай коё албайсың.
Физкультураны жана спортту өөрчүтүү иштери да ал кезде профсоюздарга жүктөлгөн. Төрөгелди Балтагулович бул милдеттерди да ийгиликтүү чече алган. Физкультура жана спорт коомдорунун ири уюмдарга айланышына шарт түзүп "Алга" "Буравестник" жана "Спартак” аталган спорттук коомдор тейлешкен спорттук кичи уюмдар дээрлик баардык ишканаларда, мекемелерде жана окуу жайларда түзүлгөн. Республика боюнча Спорттук 271 уюм иштеген да алардын 53 миң мүчөсү болгон. Төрөгелди Балтагулович иштеген кыска мөөнөттө миңдеген жаш спортсмендер даярдалган да алардын ичинен 62 спорттун мастери, биринчи разряддагы 600 спортсмен өсүп чыккан.
Төрөгелди Балтагулович Кыргызстандын профсоюздарын жетектеп турган мезгил чындап эле Кыргызстан үчүн зор бурулуштардын, өсүштөрдүн мезгили болгон. Ушул жерден бир кызык мисал келтире кетели. 1963-жылы айыл чарбасынын эмгекчилеринин саламаттыгын сактоо ишине 144,8 миң сом, 1964-жылы 203,8 миң сом бөлүнүп берилген экен. Ошол кездеги замандын кенендигиби же кенебестигиби айрым учурларда бөлүнгөн акчалар толук пайдаланылбай калган фактылар болгон. Алсак, 1964-жылы бөлүнгөн каражаттын 82,5 пайызы гана пайдаланылган. Эми болсо бул фактылар бизге ишке ашпас адам кыялы сыяктуу көрүнүп, качандыр бир көргөн жакшы түш сымал элестеп калды. Жогорудагы айтылгандардан көрүнүп тургандай Төрөгелди Балтагулович кайда, кандай ишке иштебесин дайыма баш оту менен берилип, бүт күчүн жумшап чоң жоопкерчилик менен иштеген.
Төрөгелди Балтагуловичтин жетекчилик шыгы гүлдөп, уюштуруучулук жөндөмү даана көрүнө баштаган мезгилде өмүрү күтүүсүздөн үзүлгөнү кыргыз эли үчүн чоң жоготуу болгону талашсыз. Анын ишмердүүлүгүнүн потенциалы абдан зор болчу. Эл жери үчүн дагы толгон иштерди бүтүрүп берери талашсыз эле. Өзгөчө өлкөбүздүн эгемендүүлүккө жетишип, кайра куруунун катаал шартына кабылган мезгилдерде анын курч акылы, эртеңкини көрө билген кыраакылыгы жана мекенге болгон чексиз сүйүүсү абдан керек эле. Аттиң дүйнө, жакшысын ала берген, жаманы кала берген шум дүйнө!
Төрөгелди Балтагулович бийиктикти сүйгөн, бийикке умтулган тоо шумкары эле. Ал бийик учуп, бийик жашады. Эч качан пастыкка барбаган, калыстыкты как жарган тоо шумкарынын өмүрү жаштарга үлгү Кыргыз эли эл катары эмне деген гана сыноолордон өтпөгөн. Кыйынчылыкты көп көргөн эл өзүнүн чыгаан уулдарынын баркын жакшы билет. Кыргыздын мыкты уулдарын ырга кошуп эпосго чейин которгон, кылымдарга атын өчүрбөй сактап келген түптүү эл.
Бул ирет да чыгаан уулу Төрөгелди Балтагуловдун аты унутулбай эсте калышы үчүн тоо арасындагы топтой айылга ысымын ыйгарышты. Жүрө-жүрө ошол топтой айыл Оштой шаар болор. Ал шаардан Төрөгелдидей төрт тарабы төп келген уулдар чыгаар. Ал уулдар эл жерин гүлдөтүп кызмат кылаар. Ошентип жашоо уланар.
Үсөнбек ДАЙЫРБЕКОВдун калемине таандык маек профессор Ишенгүл Болжурованын жеке архивинен алынды.
ЭСКЕРҮҮЛӨР
Качкынбай ДЫЙКАНБАЕВ, Кыргызстан профсоюздар кошуунунун ветерандар төрагасы,
Бүткүл республика кайгырып, көп көздөрдөн жаш төгүлүп коштошту жаңы секретарь
1962-жылы мен республикалык профсоюз комитетинин тамак-аш өнөр жайлары боюнча председатель элем. Төрөгелди Балтагулович 1-секретарь эле Профсоюздардын сьездинде катышып, Кыргызстан федерациясынын бир добуштан 1-секретары болуп шайланды. Балтагулович келгенде партияда жүргөн киши, профсоюз тармагында кандай иш алып бараар экен деп ойлодук. Көрсө ал киши абдан жөнөкөй, эл менен иштегенди жакшы көргөн киши экен. Келген күндөн эле комитетте иштеген жыйырмадан ашык тармактын председателдери бар эле, баарыбызды чакырып жылуу маанайда жолдошторчо пикир алышып иш кырдаал жөнүндө ой бөлүшүп талкуулады. Токтоо сүйлөп, орундуу маселе айткан, жылдыздуу иши баарыбызды заматта өзүнө тартып, жүрөктөн түнөк тапкандыгы көрүнүп турду. Аз убакыт ичинде республикадагы завод-фабрикалардан тартып, эс алуу жайлары, пионер-лагерлерине барып, кырдаал менен жеринен таанышып, жетишкендиктерди тактап, кемчиликтерди сынап турду.
Балдарга камкордук
Күндөрдүн биринде мени өзүнө чакырып калды. Барсам жолдош Качкын Дыйканбаевич пионер лагерине барып келели деп калды. Канттагы өнөр жайчыларына караштуу пионер лагерине алып бардым. Көрүп таанышып, дагы кай жерде пионер лагери бар деп сурады. Айтканымды угуп, бул аз, биздин келечегибиз ушул пионерлер эмеспи, ошондуктан ден-соолугу чың, жеткилең акыл-эстүү болушуна кам көрүүбүз керек деп чын ыкласы менен бир аз кейиштүү сүйлөдү. Келгенден кийин совет министрине байланышып, министрлерди чогултуп, бюродон мүчө чакырып, талкууга койду. Мына ошондон кийин жер жерлерде балдар лагери, санаторийлери курула баштады. Республикада пионер лагерлеринин саны көбөйүп барып отурду. Бул боюна Төрөгелди Балтагуловдун эмгеги зор болду.
Ишке болгон олуттуу мамиле
Профсоюздагы дагы бир зор милдеттердин бири эмгекчи жумушчулардын укугун коргоо эле.Партиянын тушунда завод фабрикалар сверхсрочно же болбосо дем алыш күндөрү, жумушчу күчүн колдонуу үчүн профсоюз менен макулдашпай иш алып бара алчу эмес. Анан ошол кезде абдан жакшы иштеген тармактардын бири эт комбинаты болуп, председатели Шадыкан Иманалиевич аксакал эле. Ал киши суббота, кээде дем алыш күндөрү жумушчуларды сверхурочно иштетип жүрдү. Эки үч жолу айтсам уккан жок. Анан мен Т.Балтагуловго кайрылып иштин жайын айттым. Төрөгелди Балтагулович дароо Турдакун Усубалиевичке чалып, Шалкан Иманалиевичти чакыртты Жолдош Иманалиевич, эмне үчүн профсоюз менен макулдашкан жоксуз, мындай боло турган болсо токтотуңуз,- деп катуу айтты. Төрөгелди Балтагулович мал арык, иш көп, мындай иш алып барабасак болбойт”,-деп Ш.Иманалиевге бир топ маселелерди айтты. Андай боло турган болсо мындан ары ар бир ишти жолдош Дыйканбаевич менен кеңешип, биздин союз менен макулдашып, андан кийин иш жүргүзүлүүгө тийиш деди. Мына ошондон кийин Иманалиев аксакал ар кандай маселе боюнча бизге кайрылып, макулдашып иш алып барып жүрдү. Бул бир гана көрүнүш. Ушунчалык ар ишке принципиалдуу караган олуттуу киши эле да.
Кыргыз кадрларына устат
Ошол кезде пищевой промышленносто Усманов совнарком эле. Бир күнү жолдош Дыйканбаев, сиз мени менен бирге болуңуз, бирге иштешели, кааласаңыз "Шампанкомбинатты" алыңыз же болбосо кант заводун алыңыз деп калды. Мен айттым: "Андай боло турган болсо Төрөгелди Балтагулович менен акылдашуу керек". Анан Төрөгелди Балтагуловичке экөөбүз кирип Усманов айтты, Төрөгелди Балтагулович товарда брак көп болуп жатат. Дыйканбаевди бизге берсеңиз" деп. Төрөгелди Балтагулович макул, экөөңөр макулдашкан болсоңор ишиңерге каршы эмесмин деди. Ошентип горком менен ЦК менен макулдашып, кант заводго директор болмой болдум. Анан эле бир күнү Төрөгелди Балтагулович чакырткан экен, келсем "ай үкөм, (үкөм деп сүйлөчү) мен абдан катуу ойлондум. Сиз профсоюзга керек экенсиз. Сөзүмдү кайра алдым. Сиз кетпейсиз" деп алып калды. Ушунчалык кадр маселесине көңүл бураар эле да. Айрыкча кыргыз кадрларына устат болгон киши эле.
Бийик адамкерчилик
Бир жолу Москвадагы "Москва" мейманканасынын алдынан Төрөгелди Балтагуловичти жолуктуруп калдым. Анан "Төрегелди Балтагулович, бирге чай ичпейлиби" десем, "кечинде келиңиз" деп номерин айтты. Кечки саат алтыда келсем жанында Чыңгыз Айтматов бар экен. Чай ичилип, сөздөр сүйлөнүп, көпкү отуруп калдык, кеч да болуп кетти. Төрөгелди Балтагулович эми мен кетейин" десем, "бул жерге эле жатып калыңыз, кааласаңыз жерге жатыңыз, керебет бар же болбосо диванга жатыңыз" деди. Жок Төрөгелди Балтагулович мен "Украина" мейманканасынан орун алдым эле, кете берейин дедим. Макул анда деп костюмун кийип, "Москванын" алдына чыгып Волгага салып, "мына, номерин жазып алдым, барганыңдан кийин звонить этип кой" деди. Келгенден кийин жанымдагы жолдошум экөөбүз аркы беркиге алаксып атып, звонить этпей унутуп коюптурмун. Бир убакта телефон шыңгырайт. Карасам саат түнкү төрт. Алсам Төрөгелди Балтагулович: "Ай үкөм, жетип алдыңбы, чалбаганыңдан кабатырланып, уктай албай, номериңди араң таптым. Тынч жеткен болсоң болуптур" деп трубканы койду. Караңызчы адамдык касиет, адамкерчиликти! Бир жагы жашы улуу, экинчи жагы кызматы жогору мени узатпай эле мейли үкөм барагой деп койсо кетет элем да. Жок, антпестен мен үчүн бушайман жеп, справочниктен "Украинаны" таап, андан мага чалганы бийик адамкерчилик эмеспи.
Атага айланган секретарь
Мен ушул профсоюзга келгенден тарта сегиз секретарь менен иштештим. "Ар бир инсан өзүнчө кайталангыс" деген сөз бар эмеспи. Мына ошондой кайталангыс таланттуу, кичи пейил абдан терең билимдүү, ар дайым анын айткан акыл казынасы түгөнбөген сыяктуу айкөл атам сыяктуу болуп калганы Төрөгелди Балтагулович болду. Төрөгелди Балтагулович каза болгондо жүрөк сыздады. Бүткүл республика кайгырып, көп көздөрдөн жаш төгүлүп коштошту.
Эске сала кетсек, кыргыздын көзү өтүп кеткен чыгаан уулу Төрөгелди Балтагуловдун бүгүн, 16-февраль күтүүсүздөн кайтыш болгон күнү. Маркум Балтагулов тууралуу көптөгөн маектерди окурмандарга тартуу кылабыз. Алдыда Балтагуловдун өлүмүнө ким кызыкдар болгонун ачыкка чыгарабыз.
Булак: NazarNews.kg