www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикасы тоо башынан кулаган таштай томолонуп бара жатканда орус бийлиги медициналык мекемелерди жаба баштады. Мындай оптимизацияга тушуккан, Липецкой областындагы кан куюу станциясынын кызматкерлери ишсиз калса, жетекчисине башка тармактан кызмат сунушталган. Бул туурасында, «ВКонтакте» социалдык тармагындагы, “Дарыгерлер альянсы”  көзкарандысыз профсоюз группасы жазып чыкты.

“Мыйзамсыз бошоп калган кызматкерлерге компенсация төлөө тууралуу сөз да жок. Иш жүзүндө тажрыйбалуу кайталангыс адистерди көчөгө айдап жатышат. Ал эми 39 жылдык тажрыйбасы бар жетекчиге айлыгы 12 миң рублдик слесарь, жыгач уста жана тракторчулук кызматтар сунушталган”, - деп жазылат.

Мекеменин жетекчисине сунушталган кызматтардын ичинен тракторчулук колунан келе турган болсо, ал дагы жашаган жеринен 75 километрден алыс аралыкта жайгашыптыр. Жетекчи өз учурунда мыйзамсыздык болуп жатканын Путиндин аппаратына билдирген. Ал жактан арыз Саламатыкты сактоо министрлигине жөнөтүлүп ошол боюнча жоопсуз калган. 

Эми дарыгерлер ак халаттарын, көк халатка. Ал эми ийнени ачкычка алмаштырууга аргасыз. Себеби мындай кызматты жок кылуу менен жергиликтүү департамент жылына 12 миллион рубл экономдой турганы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости